Menu

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: «Атамбаев коом алдына чыкса кыжырлангандар ботинкеси менен уруп жибериши ыктымал»

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын баштаган адам катары расмий чакыруу алса дагы эмне үчүн иш-чаранын ачылыш аземине бара алган жок?

– «А. Атамбаев атайын чакыруу алса да 31-августтагы мамлекеттин эгемендүүлүк күнүнө, андан кийин көчмөндөр оюнуна катышкан жок. Эл алдына чыгуудан коркуп атабы?”- деген суроолор бүгүн көп айтылууда. Менимче буга эки негиз бар. Биринчиси, чын эле ден-соолугу начар болуп, мындай иш чараларга катышууга дарамети болбой атышы ыктымал. “Оору айттырбай келет”- дегендей Атамбаевдин деле ден-соолугу начарлап, ооруп калышы толук мүмкүн да. Экинчиси, саясый өңүтү. Кантсе да саясаттагы Атамбаевдин абалы бүгүн оор болуп турган кези. Мамлекетке коррупциялык ири өлчөмдөгү зыян келтирип камалгандардын баары Атамбаевдин өтө жакын, ишенген адамдары эмес беле. Атамбаев эл алдына чыкса ” Сени курчагандар бүт коррупционерлер экен. Сен өзүң тазамын деп айта аласыңбы?”- деген сыяктуу суроо коюлушу толук мүмкүн. Ал түгүл кыжырлангандар А.Акаевди Германияда ургандай кылып жумурткасыбы, помидорубу, батинкесиби колуна тийгени менен уруп да жибериши ыктымал. Дагы бир жагдай Кыргызстанга Түрк туугандарыбыздын Президенти Т.Эрдоган мырза, Казак туугандарыбыздын Президенти Н.Назарбаев сыяктуу жогорку даражалуу сыйлуу коноктор келишти. Өзүңүздөр билесиздер А.Атамбаев бийликтен кетээринде аталган Президенттердин баары менен кайым айтышып мамилесин бузуп алган да жайы бар. Эми алардын алдында кол берип учурашууга жарабай четте турууну да каалабаса керек. Четтен келген конокторду кой эл алдында жаркылдап кайда болсо Президентибиз С.Жээнбековдун жанында жүргөн Р.Отунбаева менен деле катар туруу ага кыйын болсо керек. Ошондуктан айтылат да “Кызмат колдун кири, бүгүн бар да эртең жок. Адамгерчилик түбөлүктүү”- деген кеп. А.Атамбаев “Президентмин, бүт бийлик колумда эмне кылсам өзүм билем”- деп эле өзү отурган бутакты араалай бербесе болмок. Бүгүн өзү жасаган боткону өзү жеп отурат.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: