Menu

Бегиш Аматов, “легендарлуу” парламенттин депутаты: «Медеткан Шеримкуловго 31-августта эгемендүү мамлекет болгонубузду жарыя кылалы десем, колу менен 7-кабатты көрсөтүп, “тигил билет” деп тим болгон»

Бөлүшүү:

— Бегиш аке, сиз Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуш керек деп демилге көтөрүп, ошол демилге менен 1991-жылдын 31-август күнү көз карандысыздык кабыл алынган болчу. 31-август күнү бир топ саясий-коомдук ишмерлердин арасында сиздин карааныңыз “Ала-Тоо” аянтында көрүнбөдү. Декларацияны кабыл алган токтомго кол койгон ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкуловдун аты көп аталды. Эгемендүү мамлекет болушубузга кимдин салымы канчалык болгонун ачыктап бербейсизби?

— Үка, башынан эле кайсыл бийлик болбосун мыйзамсыз иштерин, уурулугун айтып келатсам мени майрамга чакырмак беле? Эми сен сурагандын баарын ачыктап салсам Медеткан Шеримкулов мага капа болуп калышы мүмкүн. Демилгени мен көтөрүп, Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыкканым ырас. 1991-жылы 18-августта Курманжан Датка энебиздин 180 жылдыгын белгилегенбиз. Тойго ажо Аскар Акаев баш болуп, республика боюнча делегаттар барды. Компартияда Аманбаев эле, ал дагы барган. Алайда 150 миң адам чогулуп, миң боз үй тигилген. Андай той өмүрү болбоптур. Мен ал кезде Ош облусунун обкомунда уюштуруу бөлүмүндө орун басар, Кыргыз ССРнын Жогорку Кеңешинин депутатымын. Эртеси эле ГК ЧП башталды. Танктар көчөгө чыгып кеткен. Союздун президенти Горбачев Крымда Форосто экен. “Мен кызматтан кетейин” деген билдирүү да жасаган жок. Ельцин танктын үстүнө чыгып алып бакырып жүрөт. Эмне болуп кетет экен деп 10 күндөй карап олтурдук. Ошол убакта Өзбекстандын Андижан облусунун жетекчилери Ошко келишиптир. Баатыралы Сыдыков Ош облусуна жаңы эле губернатор болгон. Көрсө, өзбектер Баатыралы акени куттуктап келишкен экен. Коноктор менен губернатор өз кишилери менен чай ичишиптир. Бийликтин баары акимге өткөн, бизде бийлик жок. Губернатордо иштеген Ноокаттык Ураим деген жолдошум бар эле. Өзүм Андижандан келгендер губернаторго кирип баратканын көргөм. Алдында бир аял чоң гүл көтөрүп, аркасында эки эркек киши кирген. Эртеси күнү Ураим экөөбүз түштөнүп, обкомдун аркасындагы бакта басып жүргөндө “Кечээ туугандар губернаторго келишиптир. Эмне деген сөз чыкканын биле алдыңбы?” деп сурасам, “Келгендер менен бирге чай ичтим. Ошол жерде Ислам аке (Каримов) 1-сентябрда Орто Азияда биринчи болуп Өзбекстандын эгемендүүлүгүн жарыялайт экен” деди. Орто Азияда отурукташкан элдердин арасынан тарыхы бар эл бизбиз. Биринчи болуп биз көз карандысыз мамлекет болгонубузду жарыяласак туура болмок деп айттым. Ураим дагы колдоду. Анда Бишкектен көз карандысыздык боюнча сөз да жок болчу.

— Биринчи идея өзбек туугандар келип кеткенден кийин пайда болуптур да?

— Ошондой болду. Акаевдин 31-август күнү парламенттин сессиясын чакыруу боюнча Указы чыкты. Анда 4 маселе коюлуптур. Эгемендүүлүк боюнча сөз жок. ГК ЧП маселесин карай турган болуптурбуз. Отузу күнү Бишкекке учуп келип, туура эле төрагабыз Медеткан Шеримкуловго кирип, 31-августка чакырыптырсыңар, мен келдим деп колумдагы Акаевдин Указын көргөздүм. Карала турган 4 маселе бар экен. Эгемендүү мамлекет болобуз деген сөз жок. Ошко Андижандын губернатору Баатыралы Сыдыковду куттуктаганы келип, чай ичкен жерде Өзбекстандын Олий Мажлиси 1-сентябрда жыйын өткөрүп, эгемендүүлүгүн жарыялай турганы жөнүндө сөз чыгыптыр. Биз деле көз карандысыз өлкө болгонубузду жарыялабайлыбы? 31-августта баарыбыз чогулганы жатабыз дедим. Медеткан Шеримкулов ак үйдүн алтынчы кабатында олтурчу. Жетинчи кабатын колу менен 3–4 жолу көргөзүп “Тигил билет” деди. Эмнеге бул кишинин добушу чыкпай, колу менен көрсөтүп жатат деп ойлондум. Көрсө, Аманбаев КГБда сурак берип жатыптыр. Өздөрү бири-бирин аңдышып калышыптыр. Түшүндүң да үка. Жетинчи кабатка чыксам 6–7 депутат Акаевге киребиз деп олтуруптур. Кезек күтүп олтурбай эле вице-президент Кузнецовго бардым. Ага да Шеримкуловго айткандын баарын айттым. “Башыңды оорутуп эмне кыласың? Биз 4 маселени карайбыз. Өзбекстан менен ишиң болбосун…” деди. Андан чыгып партиянын борбордук комитетине бардым. Ал жерде экинчи секретары бар экен. Биринчи секретары Аманбаев КГБда сурак берип жүрсө, алар “эмне болуп кетебиз?” деп араң эле олтурушуптур. Маанай түштү, сумкамды көтөрүп алып “Пишпек” мейманканасына бардым. Ошол жерде 1936-жылдагы СССРдин Конституция курамындагы ар бир республика Союздан чыгууга уруксат бере турганын жазып, эртеңки сессияга даярдандым. Эртең менен Ак үйгө келсем регистратурада Төлөгөн Касымбеков менен Камбаралы Бобулов экөө учурады. Учурушкандан кийин бири-бирибизден эмне болду деп сурашып жатабыз да. Андижандын чоңдору келип Баатыралы Сыдыковду куттуктаганын, 1-сентябрда Өзбекстан эгемендүүлүгүн жарыя кылганы жатканын, Шеримкуловго кирсем колу менен жетинчи кабатты көрсөткөнүн бүт айтып бердим да, кечинде жазган текстти көрсөтүп, ушуну күн тартибине бешинчи маселе кылып киргизгенге сунуш кылайын деп жатам десем, экөөсү тең “Эң туура, колдойбуз”, — ​деди. Колдойбуз деп коюп, мен микрофонго чыкканда кууп түшпөгүлө, Аматовду колу-бутуңар менен дүпүлдөтүп колдогула деп койдум. Сессия башталып, күн тартиби окулду. Менде сунуш бар дедим да микрофонго чыгып, текстти окуп, 31-августту эгемендүүлүк күнү деп жарыялоону айттым. Акаев үн дебей отурду. Шеримкулов бешинчи маселе кылып киргизүү үчүн добушка койду. “Эң туура, күн тартибине киргизишибиз керек”- деп залдан эки-үчөө мени колдоду. Ошентип менин сунушум күн тартибине кирди.

— Талкуу катуу болдубу?

— Сессия башталганда эле биринчи эгемендиктен баштадык. 31-август күнү аябай күпүлдөдүк, талкуу катуу болду. Көз карандысыздык боюнча декларацияны жазуу үчүн жети кишиден турган катчылык шайланды. Анын бирөөсү өзүм болдум. Левитиндин кабинетине биринчи эле мени чакырып кетти. Барсам Левитин декларациянын текстин жазып олтуруптур. Мага окуп берди. Жакшы жазыптыр. “Макулсуңбу?” деди эле, макулмун дедим. “Жетөөңдүн араңарда бир аял бар экен. Ошол окуп берсин” деген сунушуна да макул болдум. Ал аял Чолпон Баекова болчу. Чолпон текстти окуп берди. Ошону менен 1991-жылы 31-август күнү эгемендик кабыл алынды. Түшкү тыныгууга чейин болчу, өзүм олтургам. Бир киши басып келди да “түшкү убакта Акаев сизди кабинетинде күтөт” деп айтып кетти. Төлөгөн Касымбековго айтсам, “Баргының, эгемендиктин датасын Акаев айтышы керек эле, сен айтып салдың. Акаев сенден карыз болду. Карызынан кутулат”- деди. Түшкү убакта Акаевге бардым. Чоң столунан туруп мени көздөй жөнөдү, мен эшиктен аны көздөй жөнөдүм. Экөөбүз чоң бөлмөдө бири-бирибизди куттуктадык. “Аябай жакшы болду”- деп сүйүнүп алыптыр. Менден “Эмне жумуш кылып атасыз?” — ​деп сурады, обкомдо иштедим эле, ал жакты жаап келдим окшойт деп жооп бердим. “Бирге иштейли. “Улуттук ээлик кылуучулар” фондун ачканбыз. Анын төрагасы Жалил Садыков деген жазуучу. Ага орунбасар болуп иштеп берсеңиз”- деди. Болуптур дедим. “Бишкекте үй-жай барбы?”- деп сурады. Бишкекте кайдан үй-жай болот, партиянын иши менен жүрсөк десем, “ЦК чакан үй салган экен, ошол жерден кызматкерлерге берип жатабыз. Сиз да ошол жерден квартира аласыз”- деди. Рахматты айттым, экөөбүз колду кызышып, мен түшүп кеттим. Ушуну менен Акаевге бир киришим менен жумушум, квартирам да чечилген. Азыр эгемендүүлүк күнүн демилгелеп алып чыкканым үчүн Акаев берген квартирада олтурам.

— Парламенттин төрагасы Шеримкуловдо кандай реакция болду?

— Эч нерсе деген жок. Унчукпай олтурду. 1992-жылы Конституция кабыл алабыз деп комиссия түзүлдү. Акаев, анын орун басары Шеримкулов, губернаторлордун баары, кошоматчыларды тизмелеп Конституциялык комиссиянын курамын бекиткенбиз. 25 киши Конституция жазды. Жазганын бизге сунуш кылышты. 350 депутат алардын жазганын карадык. Анда 150 депутат болот, анын жүзүн эл шайлайт, элүүсүн Акаев чөнтөгүнөн чыгарып Указы менен бекитет экен. Ал долбоорун талкаладык. Ошентип Акаев менен Шеримкуловдун сунуш кылган долбоорун өткөрбөй койдук. Акаев, Шеримкуловду баарын комиссиядан чыгарабыз, булар жарабайт деп чыктык. Акаев дароо эле чуркап чыгып “25 киши калсын, үстүнө дагы 25 киши кошкула” деди. Болбосо, аларды жараксыз десек Акаев президенттиктен, Шеримкулов парламент төрагалыгынан кетиши керек эле.

— Кийин Акаев эгемендүүлүк майрамын белгилегенде сизди чакырып жаттыбы?

— Кайдан? Анын Конституциялык долбоорун талкалап, өзүн президенттиктен кетирип коё жаздасак мени чакырмак беле. Мен дагы каршы чыккандардын башында болгом. Ошондон кийин менин фамилиямды бир да жерде атаган жок.

— Курманбек Бакиев да сизди эгемендик майрамын белгилөөдө бир да жолу чакырган жокпу?

— Эркиндик сейил багы менен чыгып келатсам, бир машина токтоду. Ичинен Бекназаров менен Топчубек Тургуналиев чыгып, мени токто деди. Топчуке “Сен бизге кошулбай жатасың” деп айтты. Чогуу эле болуп атпайлыбы, кайсыл иште кошулбай жатам?- деп жооп бердим. “Акаевди кетирүүгө” деди. Акаевди кетирүүгө 100 пайыз кошулам. Ал кеткенден кийин эмне болот?- деп сурадым. “Бакиев президент болот” деп айтты. Ал жарабайт, мен Бакиевдин көк желкесинде төрт жарым жыл депутат болуп олтурдум. Бир жолу микрофонго чыгып, Кыргызстандын мындай проблемасы бар деп сүйлөгөн жигит эмес. Акаев эмне десе ошону аткарып турган. Премьер-министрге чейин алып барып, Аксы окуясына байланыштырып иштен алып, кайра эле Ала-Букадан Акаев өзү депутат кылып шайлап алып келди. Аны тандасаңар ката кетиресиңер дедим. “Сен билбейсиң. Биз Үсөндүн (Үсөн Сыдыков) кабинетинде баарын чечип бүттүк. Бакиев президент болот” деп Точуке күпүлдөгөн. Экөөбүз кичине айтышып кеттик эле Бекназаров койгула деген. Бакиев президенттикке жарабайт деген Аматовду майрамга чакырышып баш оорутмак беле.

— Атамбаев 25 жылдыкты белгилегенде бир жолу чакырды окшойт го?

— Ооба, чакырып трибунадан орун берген. Майрамдык кече башталганда эле Атамбаев Отунбаеваны “Сен эл шайлаган президент эмессиң” деп кекитип кирди. Отунбаева болсо кол шилтеп жөнөп кетти. Баарыбыздын маанайыбыз түштү. Анда майрам болбой эле бирөөнү жамандоо үчүн уюшулган кече болду. Майрам күнү элге шерменде болушту деп басып келгенбиз.

— Кечээ күнү көпчүлүктү чакыргандан кийин демилгечи катары сизди чакырып койсо туура болмок да?

— Кимди чакырышты өздөрү билишет. Мени чакырган жок деп капа деле болбойм. Мен Кыргызстан эгемендүү мамлекет болушу керек деп күйүп, өз көздөгөнүмдү ишке ашыргам.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: