Menu

Исмаил Исаковго кызмат беришкен жок, сыйлуу конок катары төрдөн орун беришти

Бөлүшүү:

31-август эгемендүү өлкө болгонубуздун 27 жылдыгын майрамдоодо мурунку Коргоо министри, КСДПдан депутат болуп шайланып, бирок ачуу чындыкты бетке айтып, партиялаштарына жакпаса да элдин сыйына татыган генерал Исмаил Исаков президенттин аппаратындагылар менен бир катарда олтуруп калганын көпчүлүк ар кандай кабыл алды. Кээ бирөөлөр президент Жээнбековдун жанынан кызмат алса керек дегенге да үлгүрүштү. Генерал кел десе эле кызматтын артынан чуркап кетчү адам эмес да. Жээнбеков дагы Исаковду элден жашырып кызматка чакыруу генералдын деңгээлине туура келбей турганын билбейт дейсиңерби? Исмаил аке эч кандай кызматка барбай эле президентке акыл-насаатын айтканга дарамети жете турган киши эмеспи. Аны кызматка барыптыр дегендер жөн гана божомол. Президенттин аппаратындагылар Исмаил Исаковду өздөрү сыйлуу конок деп сыйлуу орунга гана олтургузуп коюшуптур. Анын аппаратчиктер менен катар олтурганын саясат эмес, сый мамиле деп гана түшүнүш керек.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: