Menu

Бүркүтчү айым Гүлайда Жоробекова: «Бүркүт багууну бизнес катары эмес баалуулук катары сактап калгым келет»

Бөлүшүү:

Мүнүшкөрлүк кесип көптөгөн кылымдар бою атадан-балага мурас катары сакталып келген татаал кесип экени талашсыз. Негедир акыркы мезгилдерде бул кесипти аркалаган замандаштарыбыздын саны азайып баратканы өкүндүрөт. Бүгүнкү күндө эр азаматтар жасай турган мүнүшкөрлүк кесипти аркалап келе жаткан Гүлайда Жоробекова айымды кепке тарттым.

— Эже, эркектерге таандык болгон сейрек кездешүүчү мүнүшкөрлүк кесипти аркалап калышыңызга эмне түрткү болду?

— Менин атам Бекен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүнө гана эмес, жалпы республикага белгилүү мүнүшкөр болгон деп сыймыктануу менен айткым келип турат. Бала күнүмдөн баштап атам таптаган куштардын жашоосуна аралашып, алардан эргүү алып чоңойдум десем болот. Үйүбүздө жок эле дегенде эки-үч бүркүт болор эле. Атам алар менен кадимкидей сүйлөшүп, жаш баладай аздектеп бакчу. Бала күнүмдөн бүркүткө болгон аяр сезимимби же болбосо канда ойногон ата кесиби мени өзүнө оп тарттыбы, атамдын көзү өткөн соң негедир бүркүт таптап, ата-бабамдын жолун улагым келди. Себеби, менин атам гана эмес, чоң атам, чоң атамдын атасы бабамда мүнүшкөр деген кылым карыткан касиеттүү кесипти аркалап келишкен.

— Бүркүт таптоону шыр эле баштадыңызбы же кандайдыр бир санаркоо же болбосо артка чегинүү сезимдери болдубу?

— Бул мен үчүн ата кесип болгону менен чындыгын моюнга алуу керек толкундоо, астымда бир жоопкерчиликтүү ишти баштап жатканымды жон терим менен сездим. Ар бир ишти баштоодо өз жөрөлгөсү болот эмеспи. Менин атам мүнүшкөр болгон деп эле бүркүттү ала калып эле багып баштабай, касиеттүү Ысык-Көл жергесиндеги атактуу мүнүшкөрдүн астынан өтүп ак батасын алгам. Бөкөнбаев айылындагы Сары ата Сатылганов мээрими жүзүнөн төгүлгөн, адамдын ички оюн айттырбай түшүнгөн инсан экен. Өмүр бою эле бүркүт менен алектенип жүрүптүр. Менин колума бүркүттүн томогосун белек катары карматып жатып, кызым атадан калган улуу көчтү улаганы жатыпсың, колуңдан келсе таптап жаткан бүркүтүңдү какпагын, силкпегин, башка чаппагын. Бүркүт деген куштардын кырааны ага аяр жакшы мамиле жаса колуңдан келсе мээримиңди төк деген кептерди айтты. Кызыккан суроолоруң болсо берип, жазып сактап алсаң болот деди. Негедир атанын сыпайылыгын, мүнүшкөрлүккө берилген касиетине арбалып оозумдан кебим учуп, көп суроо узаткандан айбыккам.

— Атаңыз мүнүшкөр болсо, бүркүт таптоонун жол жобосун бала кезиңизден эле өздөштүрсөңүз керек?

— Туура, бала күнүмдөн аралашканым менен анда жоопкерчиликтин баары атамдын моюнунда болчу. Азыр эми мен өзүм мүнүшкөрмүн. Таптаган бүркүтүмө өзүм жоопкермин. Атамдын доорунда бала болуп көп нерселерге маани бербесем керек. Атам табиятынан сырдуу киши эле. Достору жакшы санаалаштары өтө көп боло турган. Атам ким менен болбосун бүркүт тууралуу баарлашчу. Жадагалса маек алуу үчүн келген журналисттерге болсо бүркүт тууралуу айтып берүүдөн тажачу эмес. Менин оюмча атам өтө кыраакы мүнүшкөрдүк сапатка ээ болгон. Азыр эми бул кесипти аркалаган жаштар солгундап баратпайбы. Мүнүшкөрдүк бул түмөн түйшүктүү кесип. Азыр асманда канчалаган бүркүттөр учуп жүрөт бирок колуна кондуруп аны менен сырдаш муңдаш болгондор жокко эсе. Атам бүркүттөрдүн уясынан балапандарын алып балапан кезинен багар эле. Ар түрдүү темир канат балапандарга баёо кезден аралашып чоңойдук. Ошол мезгилдерде атам ар кандай спартакиядаларга катышып калчу. Ал мезгилдерде кээ бирине маани берип саресеп салсак, кээ бирин балалык менен байкабастан сыртта калтырдык.

— Бүркүттүн ургаачысы менен эркегинин кандай айрымачылыктары бар?

— Мен бул суроого мындай жооп бергим келип турат. Ысык-Көл жергесинде Тамара деген эже бар. Өзү экономист ошол эже айтты эле. Бүркүттөрдүн эркегине караганда ургаачысы кыйын келет. Себеби балапанын багам деп суурдун, түлкүнүн, тапкан этин ташып олтуруп, иммунитет иштелип чыгат экен.

— Атаңыздын бүркүт багышы менен сыймыктанган учуруңуз болду беле?

— 31-августта чоң парад өтчү. Ошол кезде атам колуна бүркүтүн кондуруп, параддын алдында бара жатканын көрүп кадимкидей сыймыктана сыртта карап турар элек. Анткени биз көз карандысыздыкты азаттыкты сүйгөн эл экенбиз да. Кыргыз эли бул жоокер эл экен. Атамды бүгүн эстегенде сапаттарына токтолсом өзү жөнөкөй, айкөл, кайраттуу, кыргыз элинин сыймыгы болгон өнөрдү аздектеген адам экенине сыймыктанам. Атамдын көзү өткөндөн кийин баалуулуктарды сезе баштадым. Анткени өзүңөр билесиңер бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Ушунчалык кыраан күлүктү көрсөң, көк-бөрүсүн көргөндө, эр эңишин көргөндө, кыз куумайын көргөндө кыргызды кыргыз кылып жаратып койгон, дүнүйө элинде кыргыздын баалуулугун өзгөчө кылып көрсөткөн нерсени мен бүркүт менен да байланыштыра алдым. Бүркүт жүргөн жерде чыгаан адам турат. Бүркүтү, тулпары анан кыргыз тайганы жана кыргыз жаасы турат. Ар бир элементин өз өзүнчө карап олтуруп кыргыздын жоокер эл экенине, даанышман айкөл эл экенине дагы бир жолу ынанасың да. Ушул атамдын чоң жакшы касиеттерин мындай өзгөчө баалап караганга мезгил дагы өзү тараза экен. Жакын турганда бири-бириңди анча баалай бербейсиң, канчалык мезгил алыстатканда адамдагы баалуулук ошончолук бийиктен көрүнө баштайт экен. Жылдыздар деле аябай бийик болгондо жакшынакай болуп көрүнөт го ошол сыяктуу. Мен кыргыз болуп жаралып калганыма айрыкча ата мурас бабалардан калган касиеттерге сыймыктанам.

— Бүркүт багуу бала кездеги кыял беле?

— Бала кезде бүркүттүн сапаттарына өзгөчө кызыгат элем. Бирок качан гана атам дүйнө салганда бүркүттү өз колума алып, атам тарткан түйшүк менен түйшүктөнүп калдым.

— Жалаң эт менен тамактанган бүркүттү багуу түмөн түйшүк болсо керек?

— Туура түмөн түйшүк экени ачуу чындык. Этин учурунда бериш керек. Жалаң эт менен тамактанары чындык. Эми ошол түмөн түйшүгүнө чыдап ата мурасты аркалап аздектеп келе жатам. Эт жагынан жакшы санаалаштар да колдон келген жардамын аяшпайт. Бүркүт багууда жоопкерчилик өтө чоң, эртең менен уйкудан ойгонгондо эле өзүмдөн мурда бүркүтүмдү тамактандырам.

— Бүркүттү кайсыл учурунан баштап багуу керек?

— Бүркүттү балапан кезинде алып баккан дурус. Өз колуңда чоңойгон бүркүт башкача таасир калтырат. Анын ар бир сапаты, кылыгы жалтанбасы, эрктүүлүгү мага чоң күч дем берет. Күнгө чагылышкан канаттары, тике качыра караган көз карашы таасирдүү.

— Бүркүт багууга кызыккандар барбы?

— Азамат. Улан, Нурсейит, Нурсултан, Бекзат, Тилек, Эрмамат дегендер бүркүттүн айланасында жакшы тилектеш санаалаштар.

— Учурда акча табуучу бизнести өркүндөткөндөр көп эмеспи. Сиз деле бүркүт багып аны бизнеске айлантайын деген ойлор барбы?

— Мен бизнестеги адам эмесмин да. Биринчиден мен энемин баланын мээримдүү апасы. Энедеги болгон мээримдүүлүк менен бир улуу ой жетелейт экен. Бүгүн рынок экономикасында адамзат башка баалуулуктарды көтөрүп калды. Мен бүркүт багууну бизнес катары карагым келбейт. Ар бир адам баласынын өзүндө бир арзуу тилеги бар. Мен сиз айткан бизнес жагына эмес муну улуттук баалуулук, дөөлөт катары, ата мурас, ата кесиби катары карагым келет. Келечекте кыргызга кут консун. Жакшылыктары көп болсун! Кыргыз элинин баалуулуктары ашып таша берсин деген максат, каалоо күч.

Маектешкен Альбина Калыкова

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: