Menu

Фото – Белорусияда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата салтанат өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-сентябрда Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасындагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш-чарага Беларус Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, жетекчилери жана чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын, КМШнын Аткаруу комитетинин башчылары жана өкүлдөрү, Беларустун региондорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, Кыргыз Республикасынын студенттери, ошондой эле жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Беларустун Тышкы иштер министрлигинин атынан Министрдин биринчи орун басары Андрей Евдоченко катышты.

Элчи Kубанычбек Өмүралиев  өз сөзүндө чогулгандары салаттанаттуу күн менен куттуктап, «бардык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстан демократиялык өнүгүүнүн уникалдуу жана кайталангыс жолун өзү тандап алды» деп белгиледи. Ошону менен катар Кыргызстандан өтүп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын маданияттар аралык диалогго, коомдук биримдик, тынчтык жана өнүгүүгө кошкон салымын белгиледи.

Ошону менен катар, элчи К.Өмүралиев Улуу жазуучубуздун атын түбөлүккө калтыруу максатында Минскидеги сейил бактардын бирин “Чынгыз Айтматовго” ыйгарганына, «Кылым карытаарлык бир күн» китебинин беларус тилинде басылып чыкканына, ошондой эле жазуучунун 90 жылдык мааракесинин урматына Беларусияда өткөн жана  жылдын аягына чейин өтө турган иш-чаралар үчүн беларус тарапка ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, беларус тараптын өкүлү – Беларустун Айыл чарба жана азык-түлүк министри, кыргыз-беларус өкмөттөр аралык комиссиясынын теӊ төрагасы Леонид Заяц Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, акыркы убактардагы кыргыз-беларус сүйлөшүүлөрүндөгү, ошону менен катар эки тараптуу комиссиянын ишиндеги оӊ динамикалуу жылыштарды белгилеп айтып өттү.

Иш-чарага катышкан коноктордун көӊүлүнө «Айтматов-дипломат” жана “Үчүнчү дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү сунушталды, кол өнөрчүлүк буюмдардын көргөзмөсү уюштурулуп, Кыргызстандын тарыхы, маданияты, поэзия, көркөм адабияттары көргөзмөгө коюлду, ошондой эле Кыргызстан тууралуу видеофильмдер көрсөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: