Menu

Филлипиндин президенти Дутерте гимнди берилип, чын дилден ырдабагандарга 2 миң доллар айыппул киргизген

Бөлүшүү:

Түштүк –Чыгыш Азия аймагындагы аралчада Фил­липин деген мамлекет бар. Өнүгүп келе жаткан Азия­дагы өлкөлөрдүн бири. Өзү унитардык мамлекет. Пре­зиденттик республика. Бул өлкөдө Улуттук идеология деген катуу. «Кудай үчүн, мамлекет үчүн, жаратылыш үчүн жана Мекенибиз үчүн!» деген девизди баары мыйзам, милдет катары тутунушат. Өткөн жылы болсо керек, аталган өлкөнүн президенти Родриго Дутерте момундай буйругун чыгарган: «Филлипин Республи­касынын ар бир жараны биздин мамлекетибиздин гимни ойнолуп жатканда жөн эле ооздорун ачып кы­быратып койбостон,( мисалы, биздин Кыргызстандын чиновниктериндей болбой) эмоция менен, терең тол­кундануу менен чогуу ырдашы керек. Кимде-ким ант­песе 2 миң доллар айып тартат.

Гимн демекчи, сөздүн түз мааниси менен айтканда ушу жуманын башында Жогорку Кеңештин депутат­тары жумуш күндөрүн баштай элек жатып каттуу уят болушту.Бир-эки эл өкүлүн эсептебегенде дээрлиги мамлекеттик гиминдин текстин билишпээри ачыктал­ды. Кыргыз парламентинде жаңы эле гимн ырдалып, сессия ачылгандан кийин «Апрель» телеканалынын журналисттинин эл өкүлдөрүнө кайрылып «Гимин­дин текстин билесизби?» деген суроосу так айтканда алардын абийлерин ачты. Ансыз деле жакшы эмес аңыз кептерге баткан эл өкүлдөрүнүн мындай дара­меттери далайыбызды капа кылды. Ал сюжетти бүтүн Кыргызстан көрдү.Сөгүнүп, сагынып, каргап-шилеп тим болсо керек далайы. «Эшектин тушагын чеч­кенге жарабагандар» десе!Эгер гимндин текстин эл башында делген «тандалмалар» билбесе, карапайым эл жөнүндө, мамлекеттик идеология жөнүндө кантип сөз кылабыз? Негедир эле акыркы тапта Кыргызстан­дын билик сересиндегилердин кылгандары да,айткан­дары да баары «болтовня» өңдөнөт. Канттик?

«Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: