4-сентябрда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясынын ачылыш аземи болду. Парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясын башталышы менен кесиптештерин куттуктады. Анан бат эле ачылыш аземи бүтүп, эл өкүлдөрү «эл үчүн иштешкени» өз жайларына тарай баштады. Ошондо зал ичинде кызыктай көрүнүш жаралды. Депутаттардын дээрлиги үймөлөктөшүп Асылбек Жээнбеков менен биринин артынан бири учурашып жатышты. Тим эле жалпалакташат. Төрдөгү төрага менен да анчалык ийилип барып учурашкан жок алар. Айрымдары А. Жээнбековду кабинетине чейин узатып кетишти. Ой, тобоо! Анан ушулардан эмнени күтөбүз? Ушуларга чыдаган, ушуларды шайлаган өзүбүзгө деле чала!
Булак: “Айгай”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ