Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 1-3-сентябрда Кыргызстанга жасаган иш сапарында тараптар кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча 12 документке кол койду.
Президенттер тар жана кеңири чөйрөдө жолугуп эки мамлекеттин экономикалык, гуманитардык жааттагы байланыштары учурдун талаптарына жооп бербей турганын, аларды дагы кеңейтип, жаңы деңгээлге чыгаруу керектигин белгилешти. Анын ичинде Эрдоган билим берүү жаатындагы кызматташууну жакшыртуу керектигин баса белгилеп кетти. Билим демекчи, эки мамлекеттин делегацияларынын кеңири чөйрөдөгү жыйынынан кийин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркиянын «Маариф» фондусунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Деги бул эмне деген уюм? Атайы маалыматтарга таянсак ал 2016-жылы 17-июнда түзүлгөн. Ал фонд өлкөнүн Билим берүү министрлигине баш ийбестен Түркия мамлекетинин атынан билим берүү мекемелерин ача алган жалгыз уюм болуп саналат экен.
Эки мамлекеттин делегацияларынын кеңири чөйрөдөгү жыйынынан кийин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркиянын «Маариф» фондусунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Бир-эки жыл мурун түрк бийлиги тарабынан Кыргызстанга «Себат» мектептерине тиешелүү нааразылыктарын билдирилген. Алар меткептерди Фетхуллах Гюлендин (Түркиянын оппозиция ишмери) тарапташтарына байланыштуу деп эсептешет. Ошондо да расмий Анкара «Себат» мектептерин «Марииф» фонду аркылуу биргеликте башкарууну сунуштап туруп алган. Бирок, ал учурдагы Кыргызстандын бийлиги мындай «ультиматумдан» баш тарткан эле. Кыргыз тарап «Себатты» «Сапат» кылып өзгөртүп, Билим берүү жана илим министрлигинин тармактарындагы уюштууруучулардын курамына киргизип, бул мектептер мамлекеттин көзөмөлүндө деп ишендиришкен. А, азыр…
“Маариф” фонду деген эмне?
Россиянын REGNUM маалымат агенттиги интернет баракчасына “Маариф” фонду тууралуу иликтөө жарыялады. Анда мындайча айтылат:
«Өз өлкөсүнүн билим берүү системасын жөнгө сала албаган мамлекет башка мамлекетте илимге эч кандай салым кошо албай турганын айткан Ариф Аслыоглу журналисттик иликтөөсүндө Түркиянын билим берүү системасындагы кемчиликтерди атап, төмөнкү суроолорду койду:
- Билим берүү тармагында олуттуу көйгөйлөргө ээ болгон Түркия башка өлкөдө билим берүү системасын өнүктүрүүгө кантип салым кошот?
- Билим берүүдө бир топ көйгөйлөрү бар мамлекеттин жакшы ниет менен ачылбаган “Маариф” фонду дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы окуучуларга мыкты тарбия берип, адепти үйрөтө алабы?
- Аравиядан жардам сураган “Мариф” Кызмат кыймылы ачкан мектептерин башкарууну кантип өзүнө алат жана алардын ишмердигин андан ары кандай улантат?
Түркияда билим берүүнүн деңгээли жана жарандардын китеп окууга болгон мамилеси тууралуу жарыяларган макалада:
“Статистикалык маалыматтарга ылайык, Түркиянын калкынын 12 пайызы – жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү. Бирок бир окуучунун жылына орточо эсеп менен 2, 7 даана китеп окуйт. Өлкөнүн түндүк аймактарындагы айылдарды кошо эсептегенде, 123 миң мектеп түрдүү себептер менен жабык турат. Мамлекеттик мектептерде билим алган окуучулардын 53% тамеки тартат. Ал эми баңги затын колдонгондор 15 пайыздан жогору. PISA (“Programme for International Student Assessmen) программасынын билим берүү тармагын баалоо боюнча отчётунда Түркиянын билим берүү системасы 72 өлкөнүн ичинен 50-орунда турат. Маалыматка ылайык, мамлекеттик мектептерде окуган окуучулардын 47, 2 % мектептен качышат. Адилет жана Өнүгүү партиясынын (АК parti) мүчөлөрү дагы балдарын жеке менчик мектептерде окутушат”, — деп жазылат.
Түркиянын“Маариф” фонду
“Маариф” фондунун негизделишинин максаты менен тааныштырып жүргөн Адилет жана өнүгүү партиясынын саясатчыларынын басма сөз жана расмий жыйындардагы билдирүүлөрүнө ылайык, аталган фонд — акыркы убактарда Түркиянын тышкы саясатында көбүрөөк басым жасалган “Неоосманизм”, “жогорку раса”, “Исламдын халифаты” же болбосо өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө партиянын тышкы саясатын, идеологиясын жайылтуу максатында саясатка багытталып негизделген мекеме. Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда 2016-жылы негизделген мекеменин арты менен акыркы 5 жылда партия бийлигинин “Кызмат” кыймылын башкы максатка айлантуусу, аталган кыймылдын айрым өлкөлөрдө өнүгүп жаткан мекемелерине жасаган кысымдары бул – Түркиядагы ички каргашалуу окуялардын бир бөлүгү.
“Маариф” фондунун негизги максаттары катары Түркиядан башка жерлерде билим берүү жана аны өнүктүрүү; мектепке чейинки билим берүүдөн тарта университетке чейин бардык учурда стипендия берүү; мектеп, билим берүү мекемелерин жана жатаканаларды ачуу; илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана аларды өнүктүрүү; адабияттарды даярдоо жана алардын ыкмаларын иштеп чыгуу; өлкөлөрдүн мыйзамдарына ылайык билим берүүдө туура иш-аракеттерди көрсөтүү белгиленген. Ушул жерде дароо бир суроо туулат.
Түркиянын олуттуу көйгөйлөргө туш болгон Билим берүү жана илим министрлиги башка өлкөлөргө кантип билим бере алат?
Түрк өкмөтү мындай мектептерди улантып кете алабы?
Статистикалык институттардын маалыматына ылайык, Түркиянын калкынын 12 пайызы университеттин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.
Бир окуучу жылына 2, 7 даана китеп окуйт…
Бир окуучу жылына орточо эсеп менен 2, 7 даана китеп окуйт. Өлкөнүн түндүк аймактарындагы айылдарды кошо эсептегенде 123 миң мектеп түрдүү себептер менен жабык турат. 2016-жылдын 15-июлундагы “төңкөрүштөн” кийин мамлекеттик жана жеке менчик мектептерден жалпы 70 миң мугалим жумушун убактылуу токтотту же иштен айдалды. Стамбулдун социалдык изилдөө бюросунун отчётуна ылайык, мамлекеттик мектептерде билим алган окуучулардын 53% тамеки тартат. Ал эми баңги затын колдонгондор 15 пайыздан жогору. PISA (“Programme for International Student Assessmen) программасынын билим берүү тармагын баалоо боюнча отчетунда Түркиянын билим берүү системасы 72 өлкөнүн ичинен 50-оруна турат. Маалыматка ылайык, мамлекеттик мектептерде окуган окуучулардын 47, 2 % мектептен качышат. Адилет жана Өнүгүү партиясынын мүчөлөрү дагы балдарын менчик мектептерде окутушат.
Билим берүүдө бир топ көйгөйлөрү бар мамлекеттин жакшы ниет менен ачылбаган “Маариф” фонду дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы окуучуларга мыкты тарбия берип, адепке үйрөтө алабы?
Билим берүү тармагында олуттуу көйгөйлөргө ээ болгон Түркия билим дүйнө коомчулугун кантип сапаттуу берүү системасы менен камсыздай алат?
Айталы, сапаттуу система менен камсыз кыла алат, андайда мектеби жок, сапатсыз айыл, шаар, өлкөлөр толуп жатпайбы… Эмне үчүн иштеп жаткан мектептерди жабууга же тартып алууга аракет кылып жатат?
Эч кандай байлыгы жок жаңы ачылган жатакана кантип 24 млн долларлык мүлккө ээ болду?
Фонддун каржы тармагы – өзүнчө чырдуу маселе. Түркияда экономикалык көрсөткүчтөр төмөн болгондуктан, сырттан колдоо табуу аракети болгон. Диний багыттагы темалар жөнүндө сөз болгон соң өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан фонд үчүн Сауд Аравия жана Катар сыяктуу өлкөлөрдөн каржы булактар табылды. Сауд Аравия колдоо көрсөткөндөн кийин түрк бийлигине түрдүү талаптарды койгонуна шек жок… Эл аралык медиаларда жарыяланган маалыматтарга ылайык, “Маариф” уюму ишмердүүлүк жүргүзгөн айрым мамлекеттерде аша чапкан саясий идеология, түрк өкмөтүнүн пайдасына уюштурулган саясий кампаниялар жогорулагандыгы байкалган. Мисалы, Албанияда “Маарифке” таандык мугалим ИШИМ террористтик уюмуна чакырык жасоо менен айыпталды. Мисал катары TURKEN фонду тарабынан курулган жаңы жатакананы дагы алсак болот. Имарат курулуп жатканда эч кандай байлыгы болбогон TURKEN кыска убакытта 24 млн долларга ээ болгон. Ройал Протокол аттуу чочун эсептен акча которулган экен! Жатакананын долбооруна Аравиянын акчасы колдонулуп жатабы? Сауд королдук үй- бүлөсүнүн вахабисттик үгүтү үчүн билим берүү тармагындагы долбоорлорун ишкер ашырууга колдоо көрсөткөнү билинип жатат. Аталган жаткана медресе сыяктуу болобу? Аты аталган Ройал Протокол 2014-жылы Түркияда Урладан мамлекеттик казынадан 20 миллион лиралык жер алып, Ислам билим берүү лагери деген атка жамынып хансарайларды салган болчу.
“Кызмат” кыймылынын мектептерин пара берип тартып алууну эңсеп жатышат
Түрк бийлиги айрым мамлекеттерге “Кызмат” кыймылына таандык болгон түрк лицейлерди жаптыруу же тартып алуу боюнча өкүлдөрүн жөнөтө баштады. Жөнөтүлгөн өкүлдөр барган өлкөлөрүндөгү мамлекеттик кызматкерлерге акча, бизнес, туризмди өнүктүрүү сыяктуу түрдүү сунуштар менен түрк лицейлерин өздөрүнө өткөрүп алууну самашты. 2015-жылдын февраль айында Малинин президенти Ибрагим Букабар Кейтанын Түркияга болгон иш сапарында түрк лидери Эрдоган Батыш Африканын Мали өлкөсүндө 2002-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келе жаткан Collège Horizon мектептерин жабууну байма-бай демилгеген. Бирок Мали лидери Эрдогандын мындай сунушун четке каккан. 2017-жылы 5-августта “Маариф” фондунун өкүлү Малинин президенти менен жолуккан. Жергиликтүү басылмалар, жолугушууда Эрдогандын сунушу кайталанганын жазып чыгышты. Тилекке каршы, ушул сыяктуу өтүнүүлөр Ооганстан, Буркина-Фасо мамлекеттерине да жиберилди.
Учурда айтылып жаткан маалыматтарга ылайык, түрк тарап “Кызмат” кыймылына таандык мектептерди жабуу боюнча Борбор Азия мамлекеттерине дагы түрдүү убадаларды берип, өтүнүп жатат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлерине берилген убадалар аткарылган жок. Эрдогандын эки жыл мурда ооган лидери Ашраф Ганиге Ооганстанда кыздар үчүн мектеп жана “Мевляна” аталышындагы университет курууну убадалап, милдет алган эле. Бирок берилген убадалардын эч биринен кабар жок. Жадагалса, Ооганстандын түндүгүндөгү Акча районунда түрк өкмөтү ачкан Хабибе Кадири кыздар лицейи олуттуу көйгөй жана кемчиликтерге туш болуп турган чагы. Аталган мекемеде бардык сабактар түрк тилинде окутулушу, Ооганстандын билим берүү системасынын колдонулбашы мекеменин ийгиликсиз болушуна себеп болду.
Аравиядан жардам сураган “Маариф” мектепкерди кантип колго алат?
Аравиядан жардам сураган “Мариф” фонду “кызмат” кыймылы ачкан мектептерин башкарууну өзүнө алып, алардын ишмердигин андан ары кандай улантат? Радикалдык булактардан каржылануусу себеп болуп, фанатизмдин ушул жол менен өлкөлөргө кирүүсүнө же кандайдыр бир талаш-тартыштын негизинде билим берүүгө болгон салымдардын токтоп калышы окуучулардын жана ата-энелердин жапа чегүүсүнө алып келет.
“Маариф” фондунун ишмердүүлүгү түрк өкмөтүнүн буга чейинки башка долбоорлоруна окшошуп кетет. Германиянын Ички иштер министрлиги Эрдоганга байланыштуу “германиялык осмончулар” тобунун баардык ишмердүүлүгүнө тыюу салынганын белгилеген эле.
Анда германиялык осмончулардын “жеке укуктарга жана коомго олуттуу коркунуч туудурганына” басым жасалган. Израил болсо Газзада ишмердүүлүк жүргүзгөн Түрк эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгына (ТИКА) тийиштүү чектөөлөрдү киргизе турганын кабарлаган. ТИКА “Газзадагы кеңсесинде Ислам жихад аракетинин мүчөлөрүн жайгаштыруу”, “ХАМАС кыймылына каржылык колдоо көрсөтүү жана маалымат менен камсыз кылуу” боюнча күнөөлөнүп жатат.
“Маариф” азыр да айрым тоскоолдуктарды өзү менен чогуу алып жүрөт. Түрк өкмөтү мамлекеттик мекемелерге жайгаштыра албаган адамдарды иш менен камсыз кылууну ойлоп жатат. Алар – ийгиликсиз, аткаруу жөндөмү төмөн, Адилет жана өнүгүү партиясынын саясий идеологиясын карманган, чет тилди жакшы өздөштүрбөгөн адамдар. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгү радикалдык идеологиянын жактоочулары, ИШИМ жана «Аль-Каида» кыймылдарына оң көз карашта болгондор. Радикалдык көз караштарынын натыйжасында ал өлкөлөрдө жаңы көйгөйлөр пайда болот. Урушчаак муундун үрөөнү себилет, ИШИМ, «Аль-Каидага» карата адамдардын ою өзгөрөт.
Башкы максат – Адилет жана өнүгүү партиясынын идеологиясын башка өлкөлөргө жаюу
Партиянын Түркиянын чыгыш жана түндүк-чыгышындагы аймактарын мугалим менен камсыздай албай жатып өлкөнүн билим берүү системасын “Маариф” фонду аркылуу дүйнөгө жайылтууну көздөп жатканынын негизги максаты – аталган партиянын көз карашын жана идеологиясын башка өлкөлөргө таратуу болуп саналат. Партия Жакынкы Чыгыштагы радикалдык топтор менен тыгыз байланышы бар экени белгилүү. Айрыкча фондду каржылаган мамлекеттерди эсепке алганда, “Маариф” фондунун мектептери ар бир өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунуч катары кабыл алынаары талашсыз. »
Алтынай БАКИРОВА
Булак: “Айгай”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ