Menu

Көк бөрүдөн көк «пар» чыгаргысы келген баурдастар ай!

Бөлүшүү:

Көк бөрү. Бул оюн кыргыз элинин ата-бабалардан бери­келе жаткан, жедеп каныбызга сиңген улуттук оюндарыбыз­дын бирден-бири. Ушу тапта Ысык-Көлдө өтүп жаткан Көч­мөндөр оюнунун бүйүр кы­зыткан бул оюнуна азыркы тапта бүт кыргыз эли назарын салып турат. Ал арада так ушу көк бөрү боюнча казак баур­дастар адатынча тейтеңдеп чыгышты, кайдагы ойдо жок талаптарды коюп. Буга баа­рыбыз күбө болдук. Биринчи­ден алар Көчмөндөр оюнунун эрежесинде көрсөтүлгөн та­лаптарды чпоку ордуна көр­бөй кыйынсынышты. Мындай көрүнүш ошол оюндарды өт­көрүп жаткан өлкөнү сыйлаба­стык. Океандын ары жагынан келишсе бир жөн, Ала-Тоонун ары жагында туруп, Ала-Тоо­нун бери жагына, ат оюндары­на аттары жок келишти. Анан ат сурашты, уюштуруучулар мунусуна да макул болуп ат та­ап беришти, жөө келгендерге. Ошентсе да «бизге андай эмес, башка ат керек» дегенге чейин догурунушту. Ошентип Россия­нын Красноярск крайынан кел­гендер менен ойнобой, бирин­чи оюнга чыкпай, дайындарын таптырбай кетишти. Анысын башкы машыктыруучусу Кага­нат Сүйбаев Казахстандын ко­мандасы кыргыз тарап берген аргымактарга алымсынбай, ошон үчүн мелдешке чыкпай койдук деп түшүндүрдү. Кыр­гызстандын Көк бөрү федера­циясынын президенти Жыр­галбек Саматов коңшу өлкөнүн оюнчуларына келери менен эле ат берилгенин, болгону алар негизсиз шарттарды ко­юп жатканын билдирди. Аны­сы ал. Алардын дагы бир ыксыз талабы- атам замандан бери келе жаткан тай казанды алып салгыла деп чыгышты. Андай кылуу эл аралык Көчмөндөр оюнунун эрежеси боюнча де­геле мүмкүн эмес экендигин сопсонун билип турушса да. Эми, ушундай да болобу?

Негизи казак агайындар кан­чалык дардалаңдашпасын, көк бөрү боюнча кыргыздардан кыйла төмөн калаарын өздөрү деле сезет. Сезгени ушул, эп­теп кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн үстүнөн жеңишке жетиш үчүн эмнелерди гана кылышпады, чиркиндики!

“Көк бөрү” оюнунун заманбап эрежелери алгач 1996-жылы белгилүү кино режиссер Бо­лот Шамшиев тарабынан жа­зылып, бир топ адистердин ка­тышуусунда иштелип чыккан. Ал эреже бир нече өлкөлөрдүн “Көк бөрү” федерациясынын жетекчилеринин катышуусун­да 2001-жылы 9-ноябрда Биш­кекте өткөн Эл аралык сьездин­де көпчүлүк макулдашуу менен бекитилген. Мисалы, ал заман­бап эрежеде ар бир команда­дан 12 адам төрт-төрттөн улам алмашып, жалпы узундугу 200, туурасы 70 метрден ашпаган, жумшак (кум же кык төшөл­гөн) аянтчада оюн үч бөлүктөн туруп, ар бири 20 минутадан болсуусу шартталган. Улакты таштоочу тайказандын жалпы диаметри 3 метр, бийиктиги 1, 2 метр болуусу макулдашылган. Ошондой эле оюн учурунда эре­жени бузган оюнчу 2 мүнөткө оюн талаасынан четтетилери каралган. (Ал эми өткөн жылы Астанада өткөн Дүйнөлүк чем­пионатта эреже бузган оюнчу казактардын койгон талабы бо­юнча оюн талаасынан 2 эмес, 5 минутка чыгарылып турду. Өзү болгону 20 мүнөт болсо.) Ошондой эле дагы бир белгилей кетүүчү нерсе- бул оюндун аты ар убакта “Көк бөрү” деп ата­лыш керектиги тээ 2002-жылы эле Эл аралык “Көк бөрү” фе­дерациясынын жыйында бир добуштан бекитилген. Казак­стандагы, азыр эле айтып өт­көн дүйнөлүк мелдешти алар “Көк пар” деп атап салышты. Ошондо, 16 жылдан бери келе жаткан, эл аралык алкакта кол алышкан (эркече) эрежени ким бузган болот? Баса “көк пар” де­ген сөз эмне экенин биз эмес, казактардын окмуштуулары өздөрү жооп бере алышпаганын тарыхчы Дүйшөн Керимов ай­тып чыккан.

А негизи эле, көзгө сайып көр­сөтүп айтчу эң негизки далил­дүү аргумент- дүйнөдө бирин­чи жолу казак жергесинде өт­көрүлгөн ал чемпионат чындап эле “Көк бөрүнүн” кылымдардан бери келе жаткан эрежесин ка­зак туугандар каалагандай кал­чап өзгөртүп алганында болгон. Эң негизки эки себеп: бирин­чиден ошол “Көк бөрү” оюнун­дагы көчмөн элдердин филосо­фиялык өзөгү болгон “тай каза­ны” жер менен жер болуп ор­нотулган желим шакечелерге алмашылды. Анда, жоон билек азаматтар мурдагыдай улакты тай казанга көтөрүп ыргытпай, жанагы шакекчелерге бир-э­ки метр жетпей барып жөр­гөлөтүп ийип жатты. Бул түшкө да кирбеген бир чети күлкүлүү, бир чети ызалуу жорук болду. Экинчиден, ата-бабалардын салт-санаасында жок жорук, көк бөрү же улак жасалма “му­ляж” дегенге алмаштырылды. Көчмөн элдердин улуттук оюн­дарынын бирден бири болгон бул оюнда атамзамандан бери кадимки бөрүнүн же улактын башын кесип ыргытып, эки та­рап тең ал жаныбарды каалаган жеринен мыжыга кармап жер­ден эңип алып, ээрдин кашына же бутунун алдына кыстарып алып атаандашынан буйтап же жөөлөшүп өтүп барып тай ка­занга таштачу. Даражасы бийик “дүйнөлүк” деген ал мелдеште андай болбоду. Жасалма, жыл­макай, деги эле Азия элдеринин сөздүгүндө жок, төрт бутка ок­шогон жеринен гана эңип ала турган“муляж” дегенди ойлоп таап улуу оюндун касиети бул жерден да кемиди. Ошондой эле “дүйнөлүк” деп аталган андай мелдештерде, болгондо да фи­налдык оюнда нааразычылык жаралбаш үчүн жана оюн бир жактуу болбой, калыс өтүшү үчүн калыптанган эреже боюн­ча калыстар ар тараптан болуш керек эле. Казак туугандар бул эрежени да өздөрү каалаган­дай өзгөртүп ошол финалдык оюнда Казахстандык судьялар гана оюн талаасына чыгып, “калыстыгын” көрсөткөн эле. Мына ошол калыстардын ара­кети менен убакыт каалагандай алардын командасына иштеп турду, ошондо. Анан да биздин улакчы балдардын айтымында ошол финалдык оюнда жанагы “муляж” деген немеси өз сал­магынан дагы 5 киллограммга чейин өсүп кеткени айтылган. Күтүүсүз мындай өзгөрүүгө ту­шуккан биздин жигиттер аны жерден эңип алууда өтө ыңгай­сыздык жаралганын, ал эми атаандаштар ага күн мурунтан даярдык көрүп, ошого ылайык­талган машыгууларды да мур­датан өткөргөндөрү кийин бел­гилүү болду.

Астанадагы ошол мелдеште Кыргызстандын “Көк бөрү” бо­юнча курама командасынын лидери, Манас Ниязовду баур­дастар оюнга катышууга бол­бостугун, эгер келсе баары бир оюн талаасына чыгарылбаарын билдиришип, акырында биздин команданын мыкты оюнчусу ал мелдешке барбай калган. Ошону менен бирге эле дагы бир мыкты көк бөрүчү Бакти­яр Жабагиев да белгисиз себеп­терден улам тизмеден алынган болчу. Манас Ниязов демекчи, өткөн 2016-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюнунда биздин команда Казакстандын коман­дасы менен финалга чыгып, ошондо Манас атаандаштары­нын айласын алапайларын тап­пай калганча кетиргени азыр деле көрөрмандардын эсинде болсо керек. Ушундай ыкчам­дыктын негизинде Кыргызстан­дын оюнчулары Казакстандын курама командасын 15:3 ме­нен утуп жер караткан. Ошондо Манас Ниязов атаандаштардын тай казанына улакты беш жолу таштап “Эң мыкты чабуулчу” аталган эле.

Ага чейин, 2012-жылы Казак­стандын Шымкент шаарында “Көк бөрү” боюнча эл аралык мелдеш өтүп, анда да финал­га Кыргызстан менен Казак­стандын курама командалары башкы байге үчүн таймашка чыгып кыргыз жигиттери “Көк бөрү” оюну боюнча Азиядагы эң күчтүү деп аталган кошуналар­дын командасын 8:2 эсебинде утуп алган. Так ошол фиаскодон кийин Казакстандын “Көк бөрү” оюну боюнча федерациясынын жетекчилиги мындан ары Кыр­гызстандын командасы менен ойноого жана өздөрү тараптан уюштурулган турнирлерге биз­дин команданы катыштырбоо­го же биз жакка келип ойноого тыюу салышкан.

2013-жыл. Казакстан. “Каза­нат” ат майданы. Финал. Кайра­дан анда да Кыргызстан менен Казакстандын курама команда­лары. “Туура сүйлөгөндүн айы­бы жок” дегендей ачыгын айт­сак ошол финалдык мелдеште казак “туускандар” ачык эле чыр салышат. А дегенде калып­танган эл аралык эреже боюн­ча 3 таймдын оруна 2 эле тайм ойнойбуз дешип. Ошондой эле эреже бузган оюнчуну адатта­гыдай 2 мүнөт эмес, оюн тала­асынан 5 мүнөткө чыгаруу та­лабын коюшат. Биз тараптан судьялык кылуу укугун да чек­тейт. Ошол финалдык оюнда Казакстандык башкы орбитр болуп көрбөгөндөй өз коман­дасына ачыктан-ачык эле жан тартат. Кыргызча айтканда “өз билгенин өзү билип, өтү­гүн төргө илет” дегендей эле аракеттерди жасайт. Оюн “чү! ” деп эми мына башталганда эле Кыргызстандын команда­сынын лидери Рустам Тынали­евге 5 мүнөттүк айып жазасын берип, оюн талаасынан чыга­рып салышат. Ошол учурда ата­андаштар биздин тай казанга удаасы менен 3 жолу “гол” кир­гизгенге үлгүрүшөт. Оюндун жүрүшүндө алардын тай каза­нына ташталган бир улакты судья эсепке киргизбей коет. Ошентип казактар 4:2 эсебинде “таза” жеңишке жетишет.

… Мындан 37 жыл илгери, 1980-жылы Москвада өткөн жайкы олимпиада оюнунда жакшы девиз айтылган: “О, спорт сен достуксуң! ”, “О спорт, сен тынчтыктын символусуң! ” деген. Анын сыңарындай спорт­то душмандашуу же бөлүнүү деген болбойт. Кичинекей эле мисал, бизден канча чакырым алыстыкта турса да кайсы бир спортсмен, ал футболист же ба­ша оюнчу болобу ага күйөрман болгон адам ал оюнчуну бир боорунан жаралган бир тууга­нынан бетер жан алекеттен ке­тип, анын жеңишин өз жеңи­шиндей кабыл алып же утулуп калса чын жүрөгү менен кейип жан тартып келет. Себеби, бул деген спорттун касиети, жого­руда айткандай достуктун анык символу! Негизинде кимибиз, кайсы улуттан, кайсы мамле­кеттен болсок да так ошондой мамиле ар бирибиздин жүрө­гүбүздө орун алышы керек. Ка­зак баурдастарча чычалабай!

Кенжебек АРЫКБАЕВ

Булак: “Айгай”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: