Бүгүн, 8-сентябрда биздин жеке булактар кабарлагандай КР Президентинин иш башкармасы Туруспек Коёналиев кызматынан өз каалосу менен кете тургандыгы боюнча арызын жазып берген.
Бирок анын алдында Туруспек Коёналиевге карата жетекчиликтен катуу сын айтылып, акыркы учурларда илең-салаң иштеп жүргөндүгү сынга алынган. Айрыкча Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу иштеринде такыр эле пассивдүү иштеп, эптеп эле көз көрсөтүп жүргөн.
Туруспек Коёналиев экс-президент Алмаз Атамбаевдин айылдашы жана соратниги болот. Кыязы Алмаз Атамбаевдин азырыкы бийликке каршы тымызын топтогон оппозициялык күчтөрүнүн акырын көбөйүп баратышы анын ишке болгон “аппетитин” азайта баштаган сыягы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ