3-сентябрь күнү Кыргызстанга расмий сапары аяктаган Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргыз жетекчилери менен коштошуп, Тамчы аэропортуна жөнөйт. Бирок аэропортто ал 1,5 саат учуп кете албай, Кырчын жайлоосунан кайтып келе турган жубайын күтүп, жол карап олтуруп калат. Көрсө Кырчындан кайтып келаткан кыргыз президенти менен түрк президентинин жубайларынын унаалары тыгынга кептелип, жайлоодон трассага чыга албай эки саатай олтуруп калышыптыр.
Көргөндөрдүн айтымында тыгындын узундугу 20 чакырымга жеткен. Оюндарды көргөнү жеке менчик унаалары менен келаткан Бишкектин, көлдүн түштүгү менен түндүгүнүн айылдарынан агылган көрөрмандардын баары трассадан Кырчынга кеткен тар жолго тыгылып, жайлоону көздөй агылышкан. Ал эми Кырчындан трассага кетүүчүлөргө жол калбай калган. МАИчилердин, УКМКнын кызматкерлеринин рациялары байланыш жоктугунан иштебей, трассадан Кырчынга кетчү жолдуу бууп салууга буйрук жетпей айлалары кетишкен. Ошентип эки өлкөнүн биринчи айымдары эки сааттай тыгында чыга албай күтүп олтурушкан.
Кырчында, Чолпон-Атада КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, анын орун басары Алмаз Орозалиев, МАИнин башчысы Канат Жумагазиевдер өздөрү жүргөнүнө карабай биринчи айымдарга коридор ачып бере алышкан эмес. Анын айынан Эрдоган Тамчы аэропортунда жубайын 1,5 саат күтүүгө аргасыз болгон.
Азыр президенттик аппарат бул боюнча ИИМдин, УКМКнын кызматкерлеринин жана биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоопкерчиликтерин кароодо. Алардын кызматтан алынышы да мүмкүн экендиги айтылууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ