Menu

Видео – Москвада бир кыргызстандык аны таарынткан 10 кыргызстандыкты машинасы менен сүзүп, тебелеткен

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-сентябрда Москванын Новочеркасский бульварынын 37-үйүнүн тушунда ак түстөгү Volkswagen Polo машинасын айдаган кыргызстандык, 1997-жылы туулган Бекжан Сарбишев аттуу жигит көчөдө бараткан 10 кыргызстандык жаранды атайын сүзүп, тебелеп кеткен. Натыйжада бир адам жан таслим болуп, 9 адам ооруканага түшкөн. Кылмышты жасаган Бекжан Сарбишев аттуу кыргызстандык эч жакка качпай полицияны күтүп, өзү баарын айтып берген. Көрсө кылмышка шектүү Бекжан Сарбишев да тиги жапа чеккендер менен чоогу бир “Аура” кафесинде олтурушкан экен. Анан уруша кетишип, мушташка айланган, анан Бекжан Сарбишев аларга таарынып чыгып кеткен да, машинасына олтуруп тигилердин кафеден чыгышын күткөн. Алар жабыла кафеден чыгышканда машинасын жүргүзүп, өч алуу максатында алардын үстүнө салып жиберген. Бул тууралу Россиянын ТАСС агенттиги кабар таратты.

Азыр Москванын полициясы окуяны иликтеп, кылмыш ишин козгоду. Жапа чеккендердин бири 17 жаштагы өспүрүм кыз экендиги маалым болду. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында 21 жаштагы С. А. Абдурасулова, 22 жаштагы Р. У. Мерген, 24 жаштагы Р. Зулпиева, 20 жаштагы У. Абдикаримова, 30 жаштагы Н. Арстанова жана башкалар бар.

Акыркы маалыматтар боюнча кыргыздарга тиешелүү “Аура” кафе – түнкү клубунда Бекжан Сарбишев эжеси Диананын туулган күнүн белгилешип жаткан. Анан ал жерде эс алып жаткан мас кыргыз жигиттер Бекжандын эжеси Дианага тийишип, телефонун сурап, таанышууну сунуш кылып, жабыша башташат. Эжесине болушкан Бекжан алар менен мушташып кетет да, алы жетпей кекенип калат. Анан сыртка чыгып, аларды сырттан күтө баштайт…

20 жаштагы Бекжан Сарбишев Ош облусунун Өзгөн районунда туулган, мындан 15 жыл мурун 5 жашында ата-энеси менен Россияга көчүп кетишип, кийин Россиянын жарандыгын алышкан.

Видеотасмада нормативдүү эмес лексика бар, этият болуңуздар!

https://www.youtube.com/watch?v=Z4B4kQ0j_UA&feature=youtu.be

https://www.youtube.com/watch?time_continue=20&v=XbD37Snim2E

https://www.youtube.com/watch?time_continue=31&v=NhTuXxGorbw

 

Кармалган Бекжан Сарбишевдин айдоочулук күбөлүгү 

Бекжан Сарбишев окуядан кийин. 

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: