Menu

Видео – Өмүрбек Бабанов Москвадагы мечитте намазга жыгыла баштаптыр, бул президент Жээнбековго карай ишараатбы?

Бөлүшүү:

Президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бабанов 7-сентябрь, жума күнү Москвадагы мечиттердин биринде кыргыз эмгек мигранттары менен кошо намазга жыгылган. Ал тууралу кыргыз эмгек мигранттарынын бири Талант Дайыров өзүнүн баракчасында фотосу менен пост жарыялаган.

“Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Токтогулович Бабанов Москвадагы “Минская” метросунун жанындагы мечиттен жума намазын окуп, ал жакка келген кыргызстандыктар менен учурашты. Ал эч кандай жан сакчысы жок эле бир досу менен келген. Мечиттин жанындагы ачык жерге жай намазын жайып, намазын окуду. Жума намазга келген кыргызстандык балдар менен бир жарым сааттай сүйлөшүп туруп, баарыбыздын ден соолугубузду, ишибиздин кандай болуп жатканын сурады. Кыргызстанды сагынганын айтып, “жакында Кыргызстандан жолугуп калабыз” деди. Андан кийин бир машина келип ага түшүп кетти”, — деп билдирген Талант Дайыров.

Бирок, эксперттер муну намазга жыгылып, дин жолун эбак тутунган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго карай “мен сиздин жолуңузга түштүм, ырайым кылыңыз, айкөлдүк көрсөтүңүз, мен мекениме кайтайын” деген ишаарат катары кабылдашууда.

Эске салсак, былтыр, 2017-жылы президенттик шайлоонун алдындагы теледебатта Сооронбай Жээнбеков атаандашы Өмүрбек Бабановго “мен президент болуп калсам коррупцияга каршы күрөштү мына сенден баштайм!” деп сөөмөй кезеген. Анан шайлоо бүтөрү менен Өмүрбек Бабанов Москвага кетип калган. Ал эми жаңы бийлик Бабановго каршы эки кылмыш ишин козгогон.

Баса теледебаттан кийин өзүнүн жеңишине бекем ишенген Бабанов “шашпай тур, мен президент болуп калсам, сага окшогон ашынган динчилдерди ордуна коём, баарыңы камайм” деп кекенгени сөз болгон. Ал кезде Бабанов намазга жыгыла элек болучу.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: