Menu

Аскар Акаев, экс-президент: “Мага президент Сооронбай Жээнбековдун мурунку президенттен айрымаланып, саясаттагы жана экономикадагы популизмден баш тартканы, элди жаратман эмгекке багыттаганы жагып жатат”

Бөлүшүү:

Элет.media басылмасына интервью берген экс-президент Аскар Акаев азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө өз ойлору менен бөлүшүптүр:

-2017-жылдагы президенттик шайлоолордо Кыргызстан кайрадан демократиялык традицияларга кайтып келе баштаганы көңүл кубантат. Шайлоо чыныгы атаандаштык менен өттү. Азыркы иштеп жаткан президент Сооронбай Жээнбеков  өз күчү менен жеңди.  Шайлоону бардык тараптардын байкоочулары легитимдүү деп тапты – КМШ тарап да жана ЕККУ тарап дагы. Бул демократиянын Кыргызстандагы кезектеги жеңиши, өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндөгү дагы бир кадам. Демек, Кыргызстан аймактагы  “демократия аралчасы” деп аталуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды деп айтууга негиз бар.

Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолү менен гана толук кандуу, бакубат өлкө болоруна бүгүн кыргызстандыктардын эч кимиси шектенбей калды деп ойлойм. Ошону менен катар  Кыргызстан  укуктук өлкө деген репутациясын  кайра жандандырып жана бекемдеши өтө зарыл. Ал үчүн көз карандысыз, адилеттүү жана жоопкерчиликтүү сот системасын калыптандырышы керек. Ушул жол менен гана мындан ары өлкөдөгү саясый-социалдык стабилдүүлүктү сактап калууга жана ишкердиктин жана жалпы эле экономикадагы динамикалуу өсүштү камсыз кылууга болот.

Мага президент Сооронбай Жээнбековдун андан мурунку президентке тиешелүү болгон саясаттагы жана экономикадагы популизмден баш тартканы жана элди жана мамлекеттик кызматкерлерди жаратман эмгекке багыттап жатканы жагып жатат. Анын тышкы саясаттагы жакынкы коңшулар менен  мурунку президент бузуп кеткен мамилелерди жөнгө салууга жасаган багытын чечкиндүү түрдө колдойм. Бул албетте өлкөнүн ички экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн ийгиликтүү чечүүгө өзүнүн жагымдуу  таасирин тийгизет. Ушундай тышкы саясат мындан ары да тереңдей берет деп үмүт кылып туралы…

Кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: