Menu

Жамангулов: Көчмөндөр оюндары учурунда 60 миңден ашуун турист келди

Бөлүшүү:

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө Кыргызстанга 60-70 миңдей чет элдик туристтер келди. Бул 2016-жылдагы оюндардан эки-үч эсе көп. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов “Азаттык” радиосуна билдирди.

– Көчмөндөр оюндарынын Кырчын жайлоосундагы ачылышына 2016-жылы 30 миңге жакын адам келген. Быйыл бир күндө, ачылышына эле 150 миңдей адам келди. 2016-жылы Көчмөндөр оюндары учурунда 15-20 миңдей чет элдик жарандар турист катары келген. Быйыл болжол менен 60-70 миңге жакын деп эсептеп жатабыз.

2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында башталган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары бүгүн, 8-сентябрда аяктайт. Аземдин жабылышына премьер-министр Мухаммедкалай Абылгазиев катышары күтүлүүдө. Бул күнү 2020-жылы Көчмөндөр оюндарын өткөрүү миссиясы тапшырылган Түркияга эстафета катары мөңгүнүн суусу тапшырылат.

Жабылыш аземи чет элдик ырчылардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: