Menu

Видео – Орусиядагы Путиндин пенсия реформасына каршы нааразылык акциясы учурунда 800дөн ашуун киши кармалды

Бөлүшүү:

Орусиянын 33 шаарындагы пенсия реформасына каршы жүрүштөрдө кеминде 830 адам кармалды. Бул тууралуу “ОВД-Инфо” укук коргоо порталы кабарлады. Маалыматка ылайык, эң көп демонстрант Санкт-Петербургда кармалып, бул шаарда полиция бөлүмүнө жеткирилген митингчилердин саны 350дөн ашты.

Өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү планына каршы 9-сентябрда жүрүшкө чыгуу демилгесин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный көтөргөн. Бирок ал январь айындагы “шайлоочулардын жүрүшү” үчүн 30 күндүк абак жазасын өтөп жаткандыктан акцияга катышкан жок.

Пенсия реформасына каршы митингдер Орусиянын 90го чукул шаарында өтөт деп кабарланган. Навальныйдын жакын санаалашы Леонид Волковдун “Твиттерге” жазышынча, жекшемби күнү өлкө боюнча 60тан 80 миңге чукул киши көчөгө чыкты.

Орус өкмөтү алгач эркектер үчүн пенсия курагын 60тан 65 жашка, аялдар үчүн 55тен 63 жашка көтөрүүнү пландаган. Бирок бул план коомчулуктун кескин сынына кабылгандан кийин президент Владимир Путин август айынын соңунда бул маселе боюнча элге кайрылуу жасап, аялдар 60 жаштан пенсияга чыкса болоорун билдирген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: