Menu

Түркстанда жоолугун чечүүдөн баш тарткан жети кыз мектептен чыкты

Бөлүшүү:

Түркстан облусунун Фердауси айлында жоолук салынганы үчүн сабакка киргизилбеген жети окуучунун ата-энеси кыздарынын документтерин алып кетти. Бул тууралуу мектеп директору Жанар Мамырова билдирди.

Анын айтымында, жогорку класстагы 203 кыздын 10у жоолугун чечүүдөн баш тарткан. Жети кыздын ата-энеси мектептен документтерин алып кетип, балдарын башка окуу жайга которушту.

“Жоолугун чечпеген 10 кыздын экөө ооруп жатканын билебиз. Бирөө башка мектепке которулуу үчүн документтерин даярдоодо. Төрт окуучунун ата-энесине билим берүү департаменти айып пул салды. Калган үч окуучунун ата-энеси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, – деди мектеп директору.

Түркстан билим берүү башкармалыгы “Фердауси атындагы орто мектепте абал турукташканын жана түшүндүрүү иштери уланып жатканын” билдирди.

Казакстанда мектепке жоолук салынып келген окуучуларды сабакка киргизбеген көрүнүш былтыртан бери курч талкууланып келет. 2016-жылы Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган. Андан бери казакстандык ондогон ата-энелер “жоолук салынганы үчүн балдарыбызды мектепке киргизбей жатат” деп сотко доо арыз менен кайрылышкан. Соттор ата-энелердин дооматтарын карап, ишти Билим берүү министрлиги менен мектептин пайдасына чечип койгон.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: