Menu

АКШ Сирияда аскердик машыгууларын баштады

Бөлүшүү:

Сириянын түштүгүндөгү АКШ аскер кызматкерлери Орусия тараптан келген коркунучтардан улам күтүүсүз машыгууларын баштады. Бул тууралуу CNN америкалык аскер аткаминерине шилтеме жасоо менен билдирди.

Анын билдиришинче, Орусия Коргоо министрлиги бир апта аралыгында эки сапар Сириядагы америкалык аскерлер жайгашкан райондорго сокку урууга даяр экенин эскерткен соң, АКШ машыгууларын баштады.

Борбордук башкаруу коалициясынын башкы өкүлү, капитан Уильям Урбан машыгуулардын максаты – АКШнын Сириядагы мүмкүнчүлүктөрүн Москвага көрсөтүү экенин билдирди.

Аскерлер тез жайгашуу, абадан жана жерден сокку уруу жана жаатташкан тараптын позициясына ыкчам кирип баруу мүмкүнчүлүктөрүн сынап жатышат. Операцияга чабуул жасоочу тик учактар да тартылды. Машыгуулар Хомс провинциясында өтүүдө.

Командир Шон Робертсон АКШ Москва менен тирешпей турганын, бирок мурда болуп жүргөндөй эле Американын жана тарапташ өлкөлөрдүн аскерлерин коргой турганын белгиледи. Америкалык чиновник Орусияга Пентагондун аскерлери жайгашкан Эт-Танфа аймагынан оолок болуу кеңешин берди.

Пентагон Орусиянын канаттуу ракеталары менен америкалык аскерлер жайгашкан жерге сокку уруу ыктымалдуулугу тууралуу билдирүүсүнө өзгөчө тынчсызданганы белгиленет. Москва ал аймактарда куралдуу исламчы топтор бар экенин ырастоодо.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: