Menu

Өзбекстанда күйөөсү аялын ЗАГС имаратынын алдында бычактап салды

Бөлүшүү:

Фергана облусунун Дангара районунда 26 жаштагы киши “Бакыт үйүнүн” алдында аялына бычак сайды. Укук коргоо органдарынын билдиришинче, алган жаратынан аял ооруканада көз жумду.

Окуя 5-сентябрда райондук жарандык актларды каттоо имаратынын алдында болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, 5-сентябрда түгөйлөр ажырашуу үчүн жарандык актларды каттоо бөлүмүнө келишкен. Ал жерден экөө уруша кетип, күйөөсү аялын бычактап, андан соң качып кеткен. Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин ал өзү милиция бөлүмүнө кайрылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Дангара районунун 26 жаштагы жашоочусу камакка алынды. Райондук прокуратура кылмыш ишин козгоду. Ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: