КСДПдан чыгарылган Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев фракциясынан өз ыктыяры менен кетпей турганын, кесиптештеринин алдында эч кандай күнөөсү жок экенин белгилеп: «Албетте, эгерде фракциянын көпчүлүгү мени кетсин деп добуш беришсе мен кетишим керек. Бирок мен өз ыктыярым менен курамдан чыгуу ниетим жок. Кандай негизде кетишим керек? Ооба, мен радиодон КСДПда жемкорлук бар деп айткам. Эмне андай эмеспи? Карасаңар, партиянын мүчөлөрүнүн жарымы УКМКнын тергөө абагында отурушат. Аларга ЖЭБ боюнча жемкорлук айыбы тагылууда. Мен эмне калп айтыптырмынбы? Жемкорлук тууралуу айтып эле келгем, айта да берем», -деп билдирди. Бирок Кожобек «уурусу куч болсо ээсин доого жыгат» дегенди эске салды. Дегенибиз, дал ушул ТЭЦ маселесинде түздөн-түз жоопкерчилиги бар. Комитет жетекчиси катары кол койгон. Андыктан ТЭЦтеги коррупция туурасында ооз көптүргөнү акылга сыйбайт.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ