Menu

Душанбе террорчуларды «биздики» жана «башкалар» деп бөлүүгө каршы

Бөлүшүү:

«Ислам кайра жаралуу» партиясынын Тажикстан аймагындагы теракттарга катышкандыгы документалдуу түрдө далилденди. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Низомиддин Хохидзода ЕККУнун адам укуктары боюнча Варшавада өтүп жаткан жыйыны маалында билдирди.

Өз сөзүндө ал тажик бийлиги ЕККУнун программасы менен максаттарын кубаттай турганын, бирок терроризмге каршы күрөшүүдө террорчуларды «биздики» жана «башкалар» деп бөлүүгө каршы экенин белгиледи.

«Бул билдирүүдөн кийин залдын арткы бөлүгүндө отурган тажик оппозициясынын тарапташтары ордуларынан турушту. Алар колдоруна «Саясий туткундарга эркиндик» деген жазуулары бар барактарды кармап алышкан!», деп билдирди жыйынга катышкан Тажикстандын көз карандысыз ЖМКлар улуттук биримдигинин төрагасы Нуриддин Каршибоев.

10-сентябрда Варшавада башталган ЕККУнун адам укуктары боюнча жыйынынын уюштуруучулары иш-чара маалында нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салган. Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Стив Свердлов мындай чечим жыйын маалында саясий тарапташтырынын акцияларынан улам Түркия, Азербайжан, Тажикстан өңдүү өлкөлөрдүн нааразылыктарына байланыштуу болушу мүмкүндүгүн айтты.

​«Мындай нааразылыктар дайыма болуп келген. Эки жыл мурда өлкөдө тыюу салынган партиялар менен оппозициялык кыймылдардын тарапташтары «үндөбөгөн нааразылык» билдирип, ЕККУнун жыйыны өтүп жаткан залга Тажикстандагы «абийир туткундарынын» сүрөттөрү түшүрүлгөн футболкаларды кийип кирип келишкен. Анда Тажикстандын расмий делегациясы оппозициячылардын акциясынын аягына чыгышын күтпөстөн, жыйындан чыгып кетишкен«, — деп билдирди Стив Свердлов.

Тажик бийлиги быйыл ЕККУнун адам укуктары боюнча Варшавадагы кеңешмесине өз делегациясын жиберген. 8-сентябрда Тажикстан президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Сайфулло Сафаров тажик делегациясынын курамында Тышкы иштер министрлигинин, Ислам таануу борборунун өкүлдөрү, Ислам университетинин мугалими жана «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мурдагы мүчөлөрү бар экенин билдирген. Булардан тышкары Польшанын борборунда тажик оппозициясынын өкүлдөрү, анын ичинде «Ислам кайра жаралуу партиясынын» лидери Мухиддин Кабири, «Группа 24түн» лидерлеринин бири Шарофиддин Гадоев жана журналист Тумер Варки дагы бар.

Буга чейин расмий Душанбе тажик оппозициясын колдоп жатат деп ЕККУну бир канча жолу айыптаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: