Menu

Жемкорлукка даттанган өзбек активисти жалган жалаа үчүн бир жылга соттолду

Бөлүшүү:

Өзбекстандагы Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз уюмдун активисти Мухаммадкодир Отахонов бир жылга соттолду. Тиешелүү өкүмдү Анжиян облусунун Мархамат райондук соту 31-июлда чыгарган.

– Өзүн укук коргоочу деп тааныштырып, Мархамат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына карата жалган жалаа жапкан арыздарды жазып жүргөн Мухаммадкодир Отахонов 139-берене (Жалган жалаа жабуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылга эркинен ажыратылды. Учурда ал жаза мөөнөтүн Ангрендеги жатак абагында өтөп жатат», — деп билдирди соттун өкүлү.

Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз уюмдун Мархамат районундагы бөлүмүн жетектеген Мухаммадкодир Отахонов буга чейин эки жолу соттолгон. 2005-жылы Анжиян окуяларына байланыштуу, 2013-жылы алдамчылык үчүн түрмөгө кесилген.

«Эзгулик» укук коргоо уюмунун Анжияндагы бөлүмүнүн жетекчиси Мусажон Бабажановдун айтымында, Мухаммадкодир Отаханов чынында эле коррупцияга даттанып, президенттик администрацияга, Башкы прокуратурага жана башка мамлекеттик органдарга кайрылган. Отаханов соттолгондон кийин анын арызда келтирген фактылары ырасталып, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан алынган.

– Тилекке каршы, кезинде белгилүү укук коргоочу жана чыгармачыл адам болгонуна карабастан, Отахоновдун түрмөгө камалгандыгы тууралуу бир дагы маалымат каражаты жазган жок, – деди Бабажанов.

Райондук соттун өкүмүнө ылайык, Мухаммадкодир Отахонов жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөйт. Анын адвокаттары өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотторго кайрылышкан жок.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: