Menu

Иранда Шекспирдин комедиясын койгон театр кызматкерлери камалды

Бөлүшүү:

Иранда Уильям Шекспирдин «Жай түнүндөгү түш» пьесасын койгон эки театр кызматкери кармалды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Иран бийлиги спектакль Ислам Республикасынын мыйзамдарына каршы келе турганын билдирүүдө. Соттун чечимине ылайык, анын коюучу режиссеру Марьям Каземи менен менеджер Саид Ассади камакка алынды.

Маалыматка караганда, алар жекшемби кечинде, спектаклдин үстүнөн иштеп жаткан учурлары тартылган видео интернетке жайгаштырылгандан кийин кармалышкан. Өлкөнүн Маданият министрлигинен кармалгандар кийин ар бири күрөөгө 24 миң доллардан берип, кое берилгенин билдиришти.

Социалдык түйүндөргө жайгаштырылган видеодо бийлеп жаткан актрисалар менен актерлор тартылган. Иран мыйзамдары мындай көрүнүштөргө тыюу салат.

Шекспирдин махабат баяндарга арналган бул комедиясы театр кызматкерлери кармалганга чейин Иран сахнасында жети күн коюлган. «Жай түнүндөгү түш» — англис драматургунун эң популярдуу чыгармаларынын бири. Аны дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү театрлар коюшат.

Иран бийлиги расмий түрдө батыш маданиятын четке кагып келет. Быйыл июлда бийлеп жаткан учурун тартып, интернетке жайгаштырган Мадеха Хожабри аттуу өспүрүм кыз кармалган. 2014-жылы иран соту Фэрралла Уильямстын Happy аттуу ырынын клибине тартылгандыгы үчүн алты өспүрүм бала менен кызды шарттуу мөөнөттөргө кескен.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: