Menu

Бишкекте жер титирөөнүн алдын алуу боюнча эл аралык симпозиум өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-сентябрда «Тоолордун тектоникалык кыймылын жана жер титирөөлөрдү болжолдоо жана алдын алуу, тоо тектеринин массивиндеги деформациялык процесстерге мониторинг»  деген аталыштагы Эл аралык экинчи симпозиум өттү.

Симпозиумду Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Садырбекович Жуматаев ачып, илимпоздордун алдыдагы ишине ийгилик каалап кетти: “Илимдер академиядагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө  карабастан, аталган багыт бүгүнкү күндө актуалдуу болуп кала берет. Себеби мамлекеттин жетекчилиги алдына бардык тармактардагы туруктуу өнүгүү боюнча бир катар маселелерди койгон. Туруктуу өнүгүүнүн эң негизги пайдубалына илимий болжолдоо кирээри бышык. Бул жерде талкууланып жаткан проблемалар: сейсмо активдүү аймактарда сейсмикалык тоболкечиликтерди төмөндөтүү, тоо тектериндеги катуу чыңалууну азайтуу , өндүрүштүк коопсуздук, кен байлыктарды казып алууда көйгөйлөр ж.б. маселелер боюнча бир топ сунуштарды иштеп чыкканга жардам берет деген ойдомун” – деп, кошумчалап кетти.

Иш-чараны уюштургандардын бири, техника илимдеринин доктору, профессор, Илимий ачылыштардын эл аралык академиясынын академиги Кушбакали Тажибаев: “Бул симпозиумда жер титирөөнүн энергиясын азайтуу маселеси илимий негизде каралууда. Менин сунушум – кадимки жардыргычтардын ордуна ядролук заряддарды пайдаланып, чыңалууларды азайталы деп жатабыз. Бул эки жагынан пайдалуу, бир жагынан биз элдердин коопсуздун камсыздайбыз, экинчи жагынан ядролук заряддар топтолуп калган. Аны  сактоо – көп каражаттарды сарптоону талап кылат. Муну жаңы багыт катары мүнөздөп, көп ийгиликтерге алып келет деп эсептейм” – деген пикирин билдирди.

Москвалык окумуштуу Михаил Коваленко жер титирөө боюнча иш-чараларга көптөгөн изилдөөчүлөрдүн келбегендигин өкүнүү менен билдирип, кыргыз окумуштууларынын бул тармактагы ийгиликтүү иштерин белгилеп кетти: “Геофизика илими Кыргызстанда да негизделген эмеспи. Мына ошол эксперименталдык, шахталардан алынган маалыматтар Москвага, Санкт-Петербургга жетип, андан нары академиялык мүнөзгө ээ болуп отурат. Ал эми мага Кушбакали Таджибаевичтин изилдөөлөрү жакты, себеби өтүп жаткан симпозиумдун проблемасынын теориясы бизде  иштелип чыккан, ал эми Тажибаевде практикалык материалдар бар. Демек, биз алдыга койгон максат үчүн эки маалыматты бириктирип, сапаттуу сунуштама жасай алабыз.

Петропавловск-Камчатка шаарынан келген геология-минералогия илимдеринин доктору Галина Копылова болсо: “Сейсмо активдүү райондордогу кен байлыктардын геологиялык өзгөчөлүктөрүнө, сейсмо туруктуу курулушка,  палеосейсмологияга, кулашы мүмкүн болгон кен байлыктар бар жердин геомеханикасына, геофизикасына жана тектонофизикасына тийиштүү изилдөөлөрдүн деңгээли жогору экен. Бул изилдөөлөр көп окумуштуулардын кызыгуусун туудурат деп ойлойм” – деп, жогорку окумуштуулардын пикирин кошумчалап кетти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: