Ош облусунун прокурорунун орун басары Торо Кожошев каза болгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка караганда, Кожошев асынып алган. Башкы көзөмөл органы анын өлүмү тууралуу комментарий берген жок. Териштирүү, иликтөө иштери жүргүзүлө турганын билдирди. Торо Кожошев 10-сентябрдын түнү каза болгону айтылууда. Анын эмне себептен өз жанын кыйганы белгисиз. Өткүрбек Жамшитов мырза чабалдык кылып жатабы же дарамети чектелүү болгондуктанбы, кийинки кездери прокуратуранын ишине ичи чыкпагандар көбөйдү. Бул жагдай да прокуратура системасындагы көйгөйдү, кызматтык атмосфера ойдогудай эместигин билдирип турат.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ