Menu

Автобус кырсыгында өлгөндөрдүн туугандары кун талап кылууда

Бөлүшүү:

Актөбө шаарында Өзбекстандын 52 жараны мерт болгон автобус кырсыгы боюнча сот иши уланууда. “Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, өлгөн 11 кишинин туугандары моралдык жана материалдык зыян үчүн кун талап кылууда. Компенсациянын өлчөмү аныктала элек.

Буга чейин жабырлануучулар өзбек тилинде сүйлөгөн адискөй котормочунун жоктугунан, отурумга катышуу кыйын болуп жатканын айтып, сотту Түркстан облусуна которууну сурашкан. Мындан ары алар жараянга Түркстан облусунун Сарыагыш районундагы сот залынан телебайланыш аркылуу катышат.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Жазира Садыкбекованын айтымында, жарыш сөз башталганга чейин моралдык жана материалдык зыяндын өлчөмү аныкталат.

Жабырлануучу Абдугаппар Хасанчиев өрт учурунда анын иниси Абдумалик Хасанчиев жана анын уулу Элмурад Жабборов каза болгонун билдирди. Ал соттон айыпталуучуларга катаал жаза берүүнү сурады.

Бул иш боюнча беш киши айыпталууда. Алар авобустун үч айдоочусу жана «Азия транзит сервис» фирмасынын эки өкүлү — негиздөөчүсү жана механиги. Автобус айдоочулары Нуржан Кыргызбаев, Максат Пернебеков жана Барат Танатов 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушат. Компаниянын жетекчиси менен механиги белгилүү бир аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган. Автобустун ээсине болсо эл аралык издөө жарыяланган.

Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун каңдагыч лампа менен жылытуу учурунда чыккан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: