Menu

Кошунасын өлтүрүүгө айыпталган тажик мугалиминин сот иши башталды

Бөлүшүү:

Тажикстандын түштүгүндөгү Шахритус районунда киши өлтүрүүгө айыпталган 29 жаштагы мектеп мугалимине козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму башталды. Ал дагы бир аялга бир нече жолу бычак сайган.

Мугалимдин күйөөсү Шавкат Норматов дагы айыпталууда, тергөөчүлөрдүн билдиришинче, ал да аялдарга кол салган.

Маалыматтарга караганда, жаңжал төрт жыл мурун башталган – орто мектептин мугалими Дилбар Мигнорова кошунасы Насиба Хусейнованын бактарынын талдарын өзүм билемдик менен кесип таштаган. Себеби короосуна көлөкө түшүп, жашылча- жемиштери бышпай калганын билдирген.

Трагедия 8-июлда Султонобод шаарында болгон. Ал күнү Насиба Хусейнова апасы жана эжеси менен бирге кошунасы менен элдешүү үчүн келген. Бирок сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан эмес – Дилбар Мигнорова конокторго бычак менен кол салган. Алган жаратынан Насиба Хусейнованын апасы Гүлнора Хусейнова ооруканада өмүр менен кош айтышкан.

Мугалим келиндин күйөөсү Шавкат Норматов да жаңжалга катышып, аялдарды таяк менен чаап таштаганы айтылууда. Бирок ал айыптоолорду четке кагууда.

Мугалим жана анын күйөөсү узак убакытка эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: