Menu

Кудайбердиева, Чолпонбаев өкмөттүн тумарыбы?

Бөлүшүү:

Чынын айтыш керек, учурда Абулгазиев башында турган өкмөт өтө алсыз, мажүрөө экенин далилдеди. Бир күндө Өкмөттүн курамын түзүп, программасын жазып парламентке келип бакылдаган Абулгазиевде кечээкинин бири жок. Сапар Исаковдун ордуна түндүктөн түшкөндөй кантип отуруп калганын сезбей калса, дал ошондой тездик менен кантип кызматтан түшүп калганын билбей калчу кырдаалга жетип калды. Командасы такыр жарамсыз экенин барган сайын ачыкталып жатат. Мына юстиция министри Айнура Абылдаева экотехинспекциясынын жетекчиси Канат Муратбеков, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов, өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Мукамбетов иштен кетти. Эми кезекте билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, салматтыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иштен кеткени турат. Айтор, “ары тартса араба сынат, бери тартса өгүз өлөт” деген кыйчалыш кырдаалда алапайын таба албай калды. Иштин көзүн билген бирөө келбесе, Абулгазиев Кыргызстанды сормо сазга тыгып баса бербейт деп эч ким кепилдик бере албайт…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: