Menu

Түркмөнстан тажик фураларынын чек арада кармалышынын себептерин атады

Бөлүшүү:

Түркмөнстан ТИМи тажик жүк ташуучу унаалары түркмөн чек арасында коопсуздук маселелеринен улам токтотулганы тууралуу расмий кат жөнөттү.

Катта чек арада Тажикстан эле эмес, Түркия, Өзбекстан жана башка өлкөлөргө таандык унаалар да турганы айтылган. Өлкө бийлигин наркотрафик кооптондургандыктан, ушундай чара колдонуулууда.

Иран компанияларынын бири 11-сентябрда кабарлагандай, өткөн аптада 20дай тажик айдоочусу Иранга барып, мекенине Тегеран-Душанбе авиакаттамы аркылуу кеткен.

2-сентябрда тажикстандык айдоочулар бир жумадан ашуун убакыттан бери түркмөн-иран чек арасынан өтө албай турушканын билдиришкен. Түркмөн тарап транзитке эмне себептен тыюу салынганын айткан эмес.

Өткөн аптада иран бийлиги түзүлгөн кырдаалга тиешеси жок экенин кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: