Menu

Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Өлкөдөгү билимдин сапатын жогорулатуу маселелери жана чаралары, орто билим берүү системасын реформалоо жана жалпы билим берүү мектептеринин санын көбөйтүү боюнча пикир алмашышты.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, балдарды окутуу үчүн керектүү шарттарды түзүү, өлкөдө мектептерди куруу жана реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү жумуш жөнүндө айтып берди.

«Акыркы убакта билим берүү тармагы боюнча талкуу абдан көп болуп жатат. Айрыкча мектептердин жетишсиздиги боюнча талкуу катуу болду, өзгөчө Бишкек шаарында. Талдоо көрсөткөндөй, айрым мектептерде окуучулар көп, айрым мектептерде аз болуп жатат. Ата-энелер сапаттуу мектептерге балдарын алып барууга аракет кылат. Башка мектептерде окуучулар аз болууда. Бул шаардагы ар бир мектепти терең анализ кылып, билим берүү системасында реформалар талап кылынганын айгинелеп турат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал бир  шаардын ичинде жайгашкан мектептерде чоң айырмачылык болуп жатканын белгилеп, мында мектеп директорлорунун жана мугалимдердин жоопкерчилигин карап чыгып, окуучуларга карата сапаттуу билим берүү талаптарын күчөтүш керектигин айтты.

Окуучулардын саны көп болуп жаткан мектептерге кошумча корпустарды куруп, ал эми Бишкектин айланасындагы конуштарга жаңы мектептерди салуу маселелерин чечүү керек.

«Бул жакта көйгөй жаралбашы керек, мектептерди курууга каражат жетиштүү. Коррупциядан түшүп жаткан каражаттар бар, аларга атайын эсеп ачылган. Ошол акчаларга Бишкек шаарында жана аймактарда мектеп куралы», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы жаңы мектептерди куруу улана берээрин белгиледи. Республика боюнча учурда 149 жаңы мектеп курулуп жатат, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 78 мектеп колдонууга берилет.

Президент билим берүү министрине Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте жалпы билим берүү мекемелеринде окутуунун бирдей шарттарын түзүү максатында терең анализ жүргүзүүнү сунуштады.

Гүлмира Кудайбердиеванын маалыматы боюнча, республиканын бардык аймактарында мектептерде окуучулардын көбөйгөнү байкалууда.

Мисалы, 2012-жылы мектептерде 1 млн. 12 миң 303 окуучу билим алса, бүгүнкү күндө окуучулардын саны 1 млн. 223 миңге жетип, мектептерде окуган балдардын жалпы саны бул жылдары 18 пайызга өстү.

«Жалпы билим берүү мекемелер, мугалимдер жана мектептер тууралуу бардык маалыматты камтыган Билим берүү башкармалыгынын  маалыматтык системасына ылайык, долбоор боюнча республикадагы  мектептер 774 миң 120 орунга ылайыкташтырылган. Ал эми азыркы учурда  окуучулардын саны  алдан канча көп. Мындай көрүнүш көбүнчө Бишкек жана Ош шаарлары, Чүй облусуна мүнөздүү. Балдардын саны өсүп жатканын эске алып, жаңы мектептер курулуп жатат. Борбор шаардын окуучуларды батыра албай жаткан мектептерге кошумча корпустарды куруу маселесин чечебиз», — деп белгиледи министр.

Гүлмира Кудайбердиева Мамлекет башчысына жалпы билим берүү мекемелеринин  мугалимдер менен камсыз болушу жана билим берүү сапаты боюнча  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жасалган   анализдин алгачкы жыйынтыктарын көрсөттү. Толук анализдин жыйынтыктары  жакынкы аралыкта  берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: