Menu

Видео – Варшавада Тажикстан өкмөттүк делегациясы менен оппозиционерлери мушташты

Бөлүшүү:

ЕККУнун Варшавадагы жыйыны учурунда тажик расмий делегациясынын айрым мүчөлөрү менен оппозиция өкүлдөрү мушташып кетти. Делегация мүчөлөрүнүн бири оппозиция тарапташы Сулаймони Орзуну бет талаштыра уруп жиберген.

Жабырлануучунун айтымында, ал болгону “Ислам кайра жаралуу” партиясынын мурдагы мүчөсү Аёмиддин Сатторовду “Саясий туткундарга боштондук!” хештеги менен сүрөткө тартууну каалаганын айтты. Бирок бул өкмөттүк делегация мүчөлөрүнүн бирине жаккан эмес, ал оппозиционерди муштап жиберген.

“Ислам кайра жаралуу” партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири делген Аёмидин Сатторов жакында партиядан баш тарткан. Ал бул кадамын жетекчилик “уставды тебелеп” Ирандын таасирине кирип кетти деп түшүндүргөн. Мурдагы оппозиционерди Тажикстандын расмий делегациясына кошуп, ЕККУнун Варшавадагы жыйынына жиберишкен.

Бул арада Тажикстандын өкмөттүк делегациясы оппозиционерлер атайлап кутум уюштурду деп эсептейт. Тажикстан Ислам таануу борборунун өкүлү Рустам Азизи алар жаңжал чыгарууга аракет жасашканын айтты. “Оппозиция тарапташтары бир нече жолу элчинин унаасын ургулашты. Полиция өкүлдөрү келип, видеобайкоо камераларын текшеришти. Алар оппозиция мүчөлөрүн суракка алышты. Кечки жыйын учурунда ЕККУ өкүлдөрү өкмөттүк делегациядан бул окуя үчүн кечирим сурашты, – деди Рустам Азизи.

ЕККУнун адам укуктарына арналган жыйынын Варшавада 10-сентябрда башталган. Отурумдун биринчи күнүндө тажик делегация башчысы Низомиддин Зохиди “Ислам кайра жаралуу” партиясынын өлкөдөгү теракттарга катышканы далилденгенин айтты. Өз сөзүндө ал тажик бийлиги ЕККУнун программасы менен максаттарын кубаттай турганын, бирок терроризмге каршы күрөшүүдө террорчуларды «биздики» жана «башкалар» деп бөлүүгө каршы экенин белгиледи.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: