Menu

Тажикстанда милиция имаратын жардырууга аракеттенди делген киши кармалды

Бөлүшүү:

Тажикстан түштүгүндөгү Фархор районунда атайын кызматтар жергиликтүү милиция бөлүмүнүн имаратын жардырууга аракет жасады делген 38 жаштагы кишини кармашты.

Гүлшан айлынын тургуну Бахриддин Шарофиддинов 9-сентябрда Тажикстандын Эгемендүүлүк майрамы учурунда кармалган.

Маалыматтарга караганда, Бахриддин Шарофиддинов Орусияда түрмөгө түшүп, жазасын өтөп чыккан. Орусияда ал киши өлтүргөнү үчүн 14 жылга эркинен ажыратылган. Боштондукка чыккандан кийин Zello радиосу аркылуу террордук топторго кошулуп кеткен. Бахриддин Шарофиддинов мекенине кайтып, теракт жасоо боюнча тапшырма алганы айтылууда. Ал жардыруучу затты колго жасаган, тинтүү учурунда ал конфискацияланган.

Шарофиддиновго карата “Жалданмачылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө кызматкерлери теракт уюштурууга Кори Носир ысымы менен белгилүү Носирхуджа Убайдовдун тиешеси бар-жогун тактоодо.

Күн мурун тажик бийлиги 45 жаштагы Носирхуджа Убайдовду эл аралык издөөгө алуу боюнча Интерполго кайрылган. Тажик бийлиги Убайдовду велотуристтерге кол салууну уюштургандардын бири деп эсептейт. 29-июлда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: