Menu

Финанасы полициясы: “Скания R420” маркасындагы жүк ташуучу автоунаанын контрабандалык ташып кирүү фактысын аныктады

Бөлүшүү:

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Жалал-Абад облусунун Токтогул району жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери  ЭККМКнын Ички териштирүү жана коопсуздук башкармалыгынын ыкчам маалыматы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, мурун табылган коррупциялык схема боюнча мамлекеттик бюджетке тийиштүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн  жүк ташуучу автоунаанын контрабандалык ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралу Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын 28-августунда “Кара-Көл” ТПКда “Скания R420” маркасындагы жүк ташуучу автомашина “Моно Транссервис” маркасындагы чиркегичи менен кармалган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын эсебине ылайык мамлекеттик бюджетке түшпөй калган бажы төлөмдөрүнүн суммасы болжол менен 900 миңден көп сомду  түздү.

2018-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат көргөн чаралар менен келтирилген зыянды кайтарып алууга багытталган, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик бюджетке 1 миллон 231 037 сом суммадагы зыян толугу менен кайтарылып алынды.

Урматтуу жарандар ЭККМК Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык төмөнкүгө көңүлүңүздөрдү бурат (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесине эскертүү – Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо жана контрабанданын предмети болуп саналган товарларга жана башка предметтерге бажы декларациясын жүргүзүү жана чыгаруу менен туумдарды кошуп алганда, тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасынын эки эселенген өлчөмүн өз ыктыяры менен төлөгөн учурда жазык жоопкерчилигинен бошотулат).

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: