Коррупция боюнча жаңы маалыматтарды окуп аткан биздин партиялаштар жер-жерлерде экс-президент Атамбаевды жана анын тегерегиндегилердин жоопкерчиликке тартылышын, катуу жазасын алуу боюнча талаптар айтылууда.
Мисалы Атамбаев долларовый миллонермин деп Россиянын Президенти Владимир Путиндин көзүнчө мактанып элге жарыялады. Анда эмне үчүн жок дегенде Аскар Салымбековго окшоп он миңдеген адамдарга жумушчу ордун түзүп, мамлекетке, соцфондко салык төлөп берген жок деген суроо турат!
Алмазбек Атамбаев 2010-жылдан бери Премьер-министр жана Президент болгондон баштап, кантип долларовый миллионер болгон киреше декларациясын эл катары көрсөтүп берсин.
Ошондуктан мен дагы, ошол миңдеген партиялаш жолдошторумдун атынан, Алмазбек Атамбаев качып кетпешин, анын үстүнөн мамлекеттик кайтаруу күчөтүлүшүн жана чек арадан чыгууга уруксат берилбешин талап кылам.
Сагынбек Абдрахманов, экс-губернатор, экс-депутат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ