Menu

Өзбестанда атайын кызматтын полковниги Нодир Туракуловдун иши сотко өттү

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук кызматынын Тергөө башкармалыгынын мурдагы полковниги Нодирбек Туракуловго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, өлкөнүн Аскер сотуна өткөрүлүп берилди.

Нодир Туракулов Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Күнөөсүз кишини жоопкерчиликке тартуу”, “Опузалоо”, “Алдамчылык” беренелери боюнча айыпталууда.

“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, бул иш боюнча сот отуруму жакынкы күндөрү башталат. Сотто атайын кызматтын мурдагы офицерлери тарабынан жасалган рейдерлик жана талоончулук факталары каралат.

Тергөө материалдарына ылайык, кызмат абалынан пайдаланган полковник сурхандарыялык эки фирманын, андан тышкары Ооганстандан жөнөтүлгөн автоунааларды өзүнө меничиктеп алган. Тергөө учурунда атайы кызматтын мурдагы офицеринин атасынын наамына катталган унаалар чыныгы ээлерине кайтарылып берилген.

Улуттук коопсуздук кызматынын Тергөө башкармалыгынын мурдагы полковниги Нодирбек Туракулов быйыл 22-январда Ташкентте кармалган. 16-мартта атайын кызматтын төрагасы Ихтиёр Абдуллаев Сурхандарыя облусунда Туракуловдон жабыркаган кишилер менен жолуккан. Жолугушуу учурунда алар мурдагы полковникке каршы көрсөтмө беришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: