Menu

Сабыр Муканбетов: Алмазбек Атамбаевдин аң-сезими кекчилдикке ууланып, оюна өч алуудан башка эч нерсе кирбей калды..

Бөлүшүү:

– Сабыр байке, узун кепти улайлы. Бизде, Кыргызстанда саясый сезон күздө, жазда кызыйт эмеспи… Мына жайкы эс алуулар аяктап, эл журт күнүмдүк, көнүмүш көр-тирлик оокатын баштап, саясатчылар да борборго жыйылып, ана башталат, мына башталат болуп, кандайдыр бир өзгөрүштөрдү күтүп, кулак түрүп турат. Негизги өзгөрүштөр кайсы багыттан, кимдер тарабынан болушу мүмкүн деп ойлойсуз?

– Азыр элдин кулак түрүп, баам салып турган маселелердин негизгиси бул экс президент менен азыркы президенттин мамилеси. ЖМКларга “Алмазбек Атамбаев аттуу-баштуу чүйлүктөр менен жолугуптур, эски революциячыл соратниктерине жолугуп, тамак берип кечирим сураптыр, акча чачып 20 миң адам чыгарып төңкөрүш жасайт экен”- деген сыяктуу материалдар жайнап кетти. Эл чын-бышыгын биле албай чочулап турат. Өкмөттө структуралык өзгөрүүлөр болуп, кадрдык алмашуулар күтүлүп жатканы айтылууда. Саясый күчтөр да иргелип, жаңы бийликке ыктоо процесси күчөп, партиялар кыймылга келип, 2020-жылкы шайлоо тууралуу ойлоно баштаганы байкалат. Андан тышкары, баягы эле коррупцияга каршы күрөш, анын жыйынтыгы тууралуу кептер айтылууда.

Өкмөттүн ишин, курамын, жаңы бийликтин кадрдык саясатын сындабаган деле киши калган жок окшойт. Эми кандай өзгөрүштөрдү күтүп жатасыз? Жаңылануу кандай жүрөт? Жаңы курамга жаңы адамдар, жаштар тартылат дел ойлойсузбу?

– Ооба, өкмөттүн ишин сынга алып, экономикалык өсүш, өзгөрүштөр жок экени тууралуу көп айтылып жатат. Бирок азыркы күтүлүп жаткан өзгөрүштөр ага байланыштуу эмес, өкмөттүн өзүнүн демилгеси менен жүргөнү турат деп ойлоп атам. Эсиңерде болсо керек, ушу өкмөттү кураганда Мухамедкалый Абылгазиев: “ушу курам менен иштейм, эч кимди кызматтан айдабайм, 3,4 ай ким кандай иштээрин байкайм, анан жаңы структура, жаны курам, жаңы программа менен келем” дебеди беле. Ошо мөөнөт жетти, өкмөт ошо планы менен келгени турат. Тилекке жараша элдин талабы да жаңылануу, өзгөрүү болуп жатат. Шайкеш болуп атат да… Андыктан кандай деген күндө да бул өзгөрүүлөр позитивдүү кадам катары бааланып, өнүгүүгө өбөлгө болоорунда шек жок.

Бул өкмөттү куроо мезгили кыйчалыш – экс-президент аттан түшсө да ээрден түшпөй турган кырдаалга туура келгендиктен компромисске барып, эптеп өкмөттү курап, бийликти бекемдеп алуу маселеси актуалдуу болчу. Ошентип ашуудан өтүп, бийлик бекемделип, туруктуулук орногон соң жаңы дем менен иш баштоо ирээти келди окшойт.

Кандай структура сунушталат, ким кетип, ким келет, деп көзү ачыктык кылып аткандар ЖМКларда жетиштүү… Биз эми аны так айта албайбыз, алмашуулар, өзгөрүүлөр болоорун гана сезип турабыз. Эл, коомчулук да ушуга чейин кадрдык саясатты сындап, өзгөрүүлөрдү талап кылып келбедиби. Ошондуктан болсун, кайра түзүшсүн, көрөлү, анан айталы.

– Саясый күчтөрдүн көпчүлүгү жаңы бийликке ыктап кетишти, экс-президенттин жакын соратниктери камакка алынды, КСДП аркылуу бийликке келген фракциясынын депутаттарынын беш алтоосунан башкасы партия лидерин “кидать” этип Сооронбай Жээнбековду колдоп кетишти, партиялаштары да Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу демилгесин колдоп Чүй, Талас, Токтогулга чейин коңференциялар өтүүдө… Эми ошого карабастан эле, жанагыдай, “акча чачылат, эл көтөрүлөт, тополоң болот экен” деген үрөй учурган сөздөр тынчыбай жатат. Жалгыз калганына карабай, тынчыбаганынын сыры эмнеде? Канчалык деңгээлде экс-президенттин реваншистик пландарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгу бар деп ойлойсуз?

Кыргызда кеп бар,“башынан бак тайды”деп коёт. Анын сынарындай Алмазбек Атамбаевдин доору бүттү. Бакыт кушу башка адамдын башына конду. Алмазбек Шаршенович деле аны билбей, сезбей турат дейсиңерби? Билип эле турат. Ал азыр өз айласын таппай чабалактап атат. Анткени при коррупциялык схемалардын баарына анын катыштыгы бардыгы кеңири айтылып, “ач көз, сугалак, ууру, жанын жеген жалганчы президент болгон турбайбы”деген ишеним калктын калың катмарынын мээсине кыттай орноп баратат. Анан, алты жыл артистенип жүрүп жараткан “эл жери үчүн күйгөн, таза иштеген президент”деген образы кыйрап, кара бет болгону баратса кантмек эле?

Азыр жанталашып, ЖЭБ боюнча болгон айыптоолорду четке кагып, Сооронбай Жээнбековду күнөөлүү кылганга аракеттенип, топтоп койгон документерин бетке кармап, алты жылдан кийин да териштирүүдө кимдин ким экени билинет таризинде кыйытууда. Анткени экс-президент куулук кылып, эч жерге кол койбогонуна, камактагы соратниктери сатпаганына ишеним артып жаткандай. Укук коргоо органдары тарабынан экс-президентке карата эч кандай айыптоолор коюлбаганы да ошондон. Бирок, Шумахер (шоопуру), анан Сапар Исаковдор аркылуу ооз эки буйрук, анан нак акча менен иштегенин эл дагы, азыркы бийлик да билип туруп, далил табалбай айласы куругандай. Себеби ишеним артылган укук коргоо, коопсуздук кызматтарынын жетекчиликтери өң-тааныштык менен дайындалгандыктан алгыр куш эмес, кулаалы болуп чыгышып Сооронбай Жээнбековду аксатып жатышат. Бул багытта “прорыв” болуп Алмазбек Атамбаевдин жүзү ачылып, далилдер табылбаса келечекте, тарых кимисине кандай баа берери белгисиз?

Ошол, азыр экс-президент ошентип жалган образын жамаачылай албай жандалбастоо менен алек. Ал төңкөрүш кыла албасын, бийликке кайра келе албасын, келсе да эл отургузбасын билет. Ал кыялындагы келечектин планын ойрон кылган Сооронбай Жээнбековду жек көрүү сезимине ээ боло албай, өч алууну гана ойлоп чабалактоо үстүндө.

– Эми ошондой, ачууга алдырып кырдаалды баамдай албай калган кезинде жанагыдай акча чачып, элди көтөрүп, тополоң чыгарып жибериши мүмкүнбү?

– Андайга бара албайт го? Андайга барса, далил таба албай кыйналып тургандарга Кудай бербейби. Сооронбай Жээнбековго деле “өзүнөн көрсүн” деген мотив болот да. “Мени тактан кулатып орго салган жаткан тура, өзү жатсын ошо өзү казып аткан орго” дейт да. Бирөөлөргө тополоң үчүн, билдирбей ири көлөмдө акча берүү оңой эмес. Баары бир билинип калат. Ошону сезгенсип, Алмазбек Атамбаев да “ЖМКлар мени акча таратканы жатат, элди көтөргөнү жатат деп, жалаа жаап жатышат”,- деп соцтармактарда актана баштаганын байкалат.

– Эми КСДП партиясынын ичинен чыгып аткан тазалануу, Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу иш-аракеттерине кайрыла кетели. Сагынбек Абдырахманов баштаган ветеран социал-демократтар Чүй, Талас облустарын дээрлик бүтүрүп, Токтогулга чейин барып конференция өткөрүп келишти, эртең Жайыл районунда конференция болот деп жатышат. Бардык жерлерде Атамбаевди партиядан чыгаруу, тазалануу идеясы колдоого алынууда. 2020-жылкы парламенттик шайлоо да жакындап келе жатат. КСДП партиясынын ушу шайлоодо кандай көрө аласыз?

– КСДП жыйырма жылдан ашык тарыхы бар, республикадагы олутту саясый окуялардын баарына катышкан, өлкөгө эки президент, Отунбаеваны кошкондо үч президент берген партия. Бул партиянын ушундай денгээлге жеткенине албетте Алмазбек Атамбаевдин зор салымы бар. Ошондой эле бул партиянын бүгүнкү кейиштүү абалына да ал жоопкер. Экс-президенттин бийликте тургандагы былыктары четинен белгилүү боло баштаганда партиялаштары ошондой демилге менен чыгып эл колдоп жатат. Атамбаев көгөрүп, жалгыз калганына да карабай, “партиядан кетпейм” деп шайлоого аттанса, ал тизме түзө албайт. КСДП фракциясы, жергиликтүү кеңештердеги партиялаштарынын дээрлик көпчүлүгү андан түңүлүп, жаңы бийликти колдоп кеткен. Азыр абройлуу, алдуу-күчтүү, акчалуу дегендердин бири да анын жанына жолобойт. Себеби эл айнып калганын көрүп турушат. “Менде акча толтура, миллиондогон жашылбайларды берем” десе келишет, алышат, ичип жешет да кайра өзүн мазактап “суунуку сууга, өз акчасы бекен, уурдаганын чачты”- деп жаманатты кылып тарап кетишет. Биздин эл ошондой. Жаманаттысын чети чыгып калбадыбы, колдошпойт.

– Ошондо кандай, КСДПда алдыда келе жаткан шайлоодо эч кандай шанс жок дегиниз барбы?

– Акаев жек көрүндү болуп кетти, чөнтөк партиясы “Алга Кыргызстан” ошо замат көз жумду. Бакиев качты, анын чөнтөк партиясы да өлдү. Атамбаев качкан жок – бийликтен кетти, былыгы чыгып атат. Жалгыз калганына карабай көгөрө берсе, элден колдо жок, адмресурс жок КСДП да чөнтөк партия экенине карабай шайлоодо жеңишке жете албай жок болот.

Көгөрүп отура берсе партиясынын тарых саркындысына кетээрин Атамбаев деле сезип жатса керек. Бирок анын аң-сезими кекчилдикке ууланып, оюна өч алуудан башка эч нерсе кирбей тургандай. Анүстүнө ал байкушта акчадан башка эмне калды? Карманганы жалгыз ушу партиянын “печаты” болуп атса… Элдин бетин карай албай, эл алдына чыга албай “таш коргондо” тыгылып жатса.

Бирок КСДП партиясынын берки эки өлүк партиядан айрымасы бар. Партиянын өлүмүн каалабаган белдүү мүчөлөрү, фракциядагы депутаттары, анан эң негизгиси, президент катары партияга мүчө болуу укугу жок болгону менен ушу партия көргөзүп, ушу партия аркылуу шайланып президент болгон Сооронбай Шарипович турат. Өзүн президенттик даражага жеткирген партиянын жок болуп кетишин ким кааласын? Ушулардын баарына, ачык айтышпаган менен КСДП керек, Атамбаев керек эмес болуп турат. Сагынбек Абдырахмановдун тазалануу аракетин булар ичинен колдоп турушат. Сагынбек сезген жоопкерчиликти сезбей кечеңдеп, кылчактагансып турган азыркы фракция лидери Иса Өмүркулов убакытты уттуруп жаткандай ойлонуп ыкчам аракеттерди көрбөсө лидерликти сактап калуу шансы азая берээри шексиз.

Ошентип, менин оюмча, социал-демократтар кези келгенде Атамбаевге бетке айтышат да, партияны колго алып, жаңы тизме, жаңы күч менен жетинчи чакырылышка келет деп ойлойм. Анткени парламентте жетиштүү колдоосу жок президентке максаттарын аткаруу мүмкүн эмес. Атамбаев деле убакыт өтүүсү менен эсине келип, “мени менен кошо жок болгончо партиям жашоосун уланта берсин” дегенге барат болуш керек. “Ала жатканда” мүйүз чыкпасын түшүнгөндөн кииин “өзүң лидерин тандап, кимге берсең ошого бер” деп өткөзүп берет го досуна. Антпесе съезд менен жаны лидер шайлашса, Адилет министрлиги ал сьездин чечимин тааныса, жаңы мөөр жасатып алып деле шайлоого кирип кетишет. БШК эски мөөрдү тааныбай койсо болду да, кала берет сотко чуркап, көчөдө.

Экинчиден Сооронбай Жээнбеков да эл алдына таза, түз жол менен кетээрин, адилет президент болоорун жарыя кылды. Демек ал кара жанын ойлоп, чөнтөк партия тандоо жолуна тушсө уят болот, ишеничтен ажырайт. Эл: а-аа, эскилердин жолуна түштү, таз кейпин кийди” деп ошол замат баасын берип койот.

– Экс президент менен учурдагы президенттин тиреши КСДП партиясы менен КСДП фракцияларына жетип, аларды да бир жаңсыл болуп, же ары, же бери болуусуна кептегендей. Өткөн жумада КСДП фракциясынан депутат болгон энергетика комитетинин жетекчиси Кожобек Рысбаевди партиянын катарынан чыгарышып, КСДП фракциясынан да чыгаруу өтүнүчү менен кат жолдонгону маалым болду. Кандай себептер менен Кожобекти партиядан чыгаргандары тууралуу ар түркүн кеп болуп негизинен Бишкектин Жылуулук борборундагы коррупциялык иштер боюнча күнөөлөшкөндөрү айтылууда. Кожобек болсо кабагым-кашым дебегендей түр көрсөтүп маек берип атат. “Фракция Кожобекти колдоп, Атамбаев КСДП фракциясынан кол жууйт” деп жатышат. Сиз кандай дейсиз?

– Атамбаев фракциядан ансыз деле, эбак эле кол жууган, азыр просто, формалдуу ачыкка чыгуу процессии баштан кечиргени жатышат. Орус туугандардын “что посеешь, то и пожнешь” деген макалы бар. Алмазбек Атамбаевдин өз колу менен жасаган иштеринин жыйынтыгы өз башына тийип жатат. Бешинчи чакырылышта Кожобек, Анвар, Каныбек, Айнуру ж.б. “Ар-Намыс” фракциясынын депутаттарын азгырып, “Феликс Куловдун көчүгүнө суу куйсаңар, кийинки чакырылышта КСДПнын тизмесине киргизем”- деп сөз берип саясый сойкулуктун үрөөнүн сепкен. Сойку деген сойку да, алар ар дайым, улам жаңы чыккан күчтүү “сутенёрго” өтө кача беришет.

Бул жерде ич күйдүлуктөн тышкары Сооронбай Жээнбековду ЖЭБ боюнча күнөөлуү кылуу иш аракетин чындоо максаты бар. “КСДП фракциясын партия менен Алмазбек Атамбаевден биротоло ажыратып алууга кызыкдар болгон жаңы бийлик Кожобек Рысбаевге жан тартып, аны карта катары колдонот’ анан “мына биз ЖЭБ боюнча кунөөлөп, партиядан чыгарып атсак кошуп алды, подельниги да деп айыптап, чогулткан кагаздарына кошумча фон кылып, пиар жасоо амалы жатат.

Бул жерде Кожобек эле кудундап атат кайрадан чоң тиреште разменный монета болуп, таксам көтөрүлүп багым ачылабы?” деп. Саясый сойкулук менен шугулдангандарга шынаарлашкан эч бир бийлик абийир тапкан эмес. Фракция 80% ансыз деле жаны бийликке ооп турганда эмне кереги бар сүйкөнүп, булганып.

– Эми кандай болот ошондо? Партия кайрылды, фракциядан чыгарууну өтүнүп жатат. Эмне кылуу керек?

Эмне кылаарын өзүлөрү билишет да… Эми партиянын өтүнүчу деле бир болбогон формальный өтүнүч. Андан эч толк чыкпайт. Анткени депутат өз колу менен арыз жазып фракциядан чыкмайынча аны эч ким мандатынан ажырата албасын “Ата Мекен” фракциясы Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдырахмановду, ошол эле КСДП Жанар Акаевди фракциядан чыгарганда көргөнсүздөр.

Бул жерден кайра “туура айтасыңар, жеке кызыкчылыгы менен шугулданган немени биз да колдобойбуз” деп комитеттен алып салып элди ойлогон башка бирөөну коюп алуу элдин мамлекеггин кызыкчылыгына төп келет да. туурабы? Элди ойлойбуз деп аткандары чын болсо, саясый сойкулукка түп тамырынан каршы болуулары керек. Комитеттен кетпей калса жаңы бийликке жаман көлөкө түшүп Атамбаевдин айткандарына аргумент болгон атпайбы. Фракциядан чыгаруу маселесине келсек,— “комитеттен кетирген жатат фракцияда жүрө берсин, чыгарганда эмне толк” деп гана коюш керек. Сутенору жок эле парламенттин булуң бурчунан көнүмүш ишин кылып, эркин оокат кыла берсе өлөбү? Тиги алтооно кошулуп кайра артка деги кете албайт. КСДП фракциясындагы көпчүлүк, отуздан ашык добуш ансыз да жетиштүү.

Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан”

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: