Menu

Тажикстанда 182 «саясий туткунга» ырайым берилиши мүмкүн

Бөлүшүү:

Тажикстанда Конституциянын кабыл алынганынын 24 жылдыгына карата камактагы 182 саясий туткунга ырайым бериле турганы кабарланууда.

Соттолгон адвокат Бузургмехр Ёровдун жубайы Зарина Набиеванын айтымында, бул тууралуу ЕККУнун Варшавадагы жыйыны маалында Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Сайфулло Сафаров билдирген.

«Күйөөмдүн чет өлкөдө жашап жүргөн бир тууганы Варшавада Сайфулло Сафаров менен сүйлөшүп, мунапыс бериле тургандардын тизмесинде Бузургмехр барбы деп сураганда ал бар деп жооп берген. Бүгүн анын эжеси дагы Бузургмехрди бошотот деген сөздөр жүрүп жатканын айтты», – деди Ёровдун жубайы.

Экстремизм, сотту сыйлабоо жана бийлик өкүлүн кемсинтүү айыптары менен 28 жылга эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёровдун туугандары аны Тажикстандагы саясий туткундардын бири деп эсептешет.

Тажик бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин айтып, эл аралык уюмдар саясий туткун деген адамдар кылган кылмыштары үчүн жазаларын өтөп жатканын билдирип келет.

​Сайфулло Сафаровдун өзү бул маселе өкмөттө каралган-каралбагандыгын так билбей турганын, даярдалып жаткан мунапыс жөнүндө ЖМКлардан укканын белгиледи. «Эгер колубузда өкмөттөн келген маалыматтар болгон болсо, анда биз ал тууралуу жыйында айтат элек. Бул сөздөр жыйындын кулуарында айтылган, алар маалымат каражаттары үчүн эмес болчу. Алар кылмыш кылбаган, бирок чет өлкөлөрдө жашап жүргөн жарандарыбызга багытталган. Бул алардын мекенине кайтып келишине белги болгон», – деди ал.

Ал ортодо 11-сентябрда «Азия-Плюс» агенттиги өлкөнүн Юстиция министрлигиндеги өз булактарына таянып, эркиндикке саясий туткун деп айтылып жүргөн адамдар чыгышы мүмкүндүгүн жазды. Басылманын маалыматына караганда, учурда 182 адамга ырайым берүү тууралуу даярдалып жаткан документтер Юстиция министрлигинде жана Башкы прокуратурада каралууда. Бирок юстиция министринин орун басары Иззатулло Шарипов мунапыс тууралуу эч нерсе укпаганын билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: