АКШнын Бириккен Улуттар уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Никки Хейли Орусия менен Сирияга куралдуу оппозициянын Идлибдеги позицияларына жасалып жаткан аба соккулары «өтө терс кесепеттерге» алып келиши мүмкүн экендигин эскертти. Ал ошондой эле Асад армиясы тарабынан химиялык курал колдонула турган болсо, Кошмо Штаттар дароо жооп бере турганын белгиледи.
Орусиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя болсо Сирияда химиялык курал жок экенин айтты.
Америкалык дипломат айдын башынан бери Идлиб аймагында артиллериялык жана ракеталык соккулар күчөгөнүн билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары Орусия менен Сириянын учактары кошумча майдаланып кетүүчү элементтери бар күйүүчү май аралашкан бомба менен 100дөн ашык сокку урган.
«Дамаскка эскертүү берилген. Апрелде биздин ракеталар химиялык чабуулга жооп катары Асаддын Аскер аба күчтөрүнүн дээрлик бештен бир бөлүгүн жок кылган. Андан бери ага акыл кирген-кирбегенин көрөбүз», — деди Пентагондун башчысы Жеймс Маттис.
Бул акыркы төрт күн ичинде Сириянын Идлиб провинциясындагы абал боюнча өткөн БУУнун Коопсуздук кеңешинин экинчи жыйын болду. Идлиб куралдуу оппозициянын өлкөдөгү акыркы ири таянычы болуп эсептелет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ