Menu

Ошто мыйзамсыз курулуштар бузуулда

Бөлүшүү:

Түштүк борбордун мэрлигине Т.Сарыбашов шайланганда адаттагыдай эле анын артынан оппоненттери тарабынан “альтернативасыз талапкер болду, мурда “караларга” аралашып жүргөн экен, дипломунда мандеми бар…”,- деген сыяктуу компроматтар ээрчиген. Анткен менен ал “Ошту эки жылда таанылгыстай өзгөртөм” деген убадасын аткаруу үчүнбү же башка да бийликтин жогорку тепкичине умтулуп атабы, айтор түнү-күнү тыным албай иштеп атат. Оштун мэри айрыкча мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүүнү колго алып, мурдатан эскертүү берилгенине карабай, курулушту кызыл сызыктан чыгара куруп салгандар менен жергиликтүү бийлик күрөшүүнү күчөттү. Өткөн жумада кызыл сызыкка чыгып кеткен женил тосмолорду капиталдык курулуштарды жана соода түйүндөрүн тазалоо иштери башталды. Буга чейин тиешелүү тараптардан Кулатов кичи районундагы  жеке кафелердин тосмолорун жана 8-номурдагы көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы ашыкча тосмолорду алуу боюнча ээлерине бир нече жолу эскертүүлөр берилген.  Бирок талаптар аткарылбай, аларга мыйзамдуу чараларды көрүүгө туура келген дейт шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн адиси Эшмамбет Кармышаков. Азырынча калаадагы мыйзамсыз делген 60 метрден ашуун капиталдык курулуш 150 метрге жакын жеңил тосмолор алынды. Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн маалыматтарына караганда, бузулган имараттар менен тосмолордун ээлеринде тиешелүү документтер болгон эмес. Калаадагы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо үчүн шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жергиликтүү кварталдык комитеттери менен биргеликте бир нече жолу рейддерди уюштурушкан. Алардын маалыматтарына караганда, 2017-жылдын 6 ай аралыгында эле 934 обьектиге, ал эми ушул жылдын 6 айында 674 обьектке эскертүү беришкен.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: