Menu

Ташкенттик имам соцтүйүндөрдүн “түркөй” колдонуучуларын пахта теримге жөнөтүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Ташкент шаарындагы мечиттердин биринин имамы Рахматулло Сайфутдинов окуу жайларда жоолук салынуу боюнча пикирине социалдык түйүндөр аркылуу каршы чыккандарды пахта теримге жөнөтүү керектигин билдирди.

“Менин эркиме коюшса, ошол комментаторлордун баарын чогултуп, пахта теримге жөнөтмөкмүн. Бизде азыр пахта терим кампаниясы башталды. Жок дегенде пахта терип, мамлекетке кандайдыр бир пайда алып келишсин. Пахта талааларынан келгенде, колдоруна телефон алып, социалдык түйүндөргө комментарий жазганга алдары келбей катат”, – деди Рахматулло Сайфутдинов.

2-сентябрда имам “Өзбекстан 24” телеканалына маек берип, бирдиктүү мектеп формасын киргизүү боюнча өкмөттүн токтомун колдой турганын билдирген.

“Биздин балдарыбыз бирдей кийим кийүүсү керек. Себеби бул – тарбия берүүнүн бирден бир талабы. Кийим балдардын билим алуусуна таасир берет. Балдардын маданиятын калыптандырат. Бул учурда алардын арасында теңчилик пайда болот, тартип болот. Альхамдулиллях, бул – өтө жакшы чечим”, деген имам.

Имамдын мындай билдирүүсү Фейсбук социалдык түйүнүндө дин жактоочуларынын кескин сын-пикирине кабылган. Айрымдар аны ислам мыйзамдарынан баш тартып жатат деп айыптаган. Бирок 43 жаштагы имам Рахматулло Сайфутдинов аларды “түркөйлөр” жана “ушакчылар” деп атаган.

Өкмөт токтомуна ылайык, 2018-2019-окуу жылдарында окуучулар мектеп формасын ыктыярдуу түрдө, 2019-2020-жылдан баштап милдеттүү түрдө кие башташат.

Бирок бул документ динге ишенген айрым өзбекстандыктар тарабынан сынга кабылып, дин тутуу эркиндигин чектөө катары бааланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: