Menu

Турсунбек Акун: Атамбаевде чоң акча бар, ошону пайдалуу жакка жумшаса болот эле…

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, үчүнчү ирет дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюнун өткөрдүк. “Эл оозунда элек жок” демекчи, бири “атак-даңк күттүк” десе, экинчиси капчыгыбыз кашыганын айтышат. Сиздин оюңузча үчүнчү ирет өткөн көчмөндөр оюнунун кайтарымы кандай болду?

– Көчмөндөр оюнунун ачылышына да, жабылышына да, Кырчын жайлоосуна уюшулган, этношаарга да барып келдим. Айтор, кыргыз экениме сүйүндүм. Ушундай улуу касиетти, улуу тарыхты, салт санааны алып жүргөнүбүзгө толкундандым. Көпчүлүк эле Алтынбек Максүтовдун аракети менен ишке ашкан театралдык оюн зоок программасына ыраазы болушту, таасирленишти. 7 күнгө чамалаган иш-чара кыргыздардын көчмөн элдеринин олимпиадасын уюштургандай эле таасир калтырды.

Негизи Көчмөндөр оюнун үч жолу катар менен өткөрүү мамлекет үчүн кыйын эле болду. Бирок, көп чыгымдар акталды деп ойлойм. Кандай болгон күндө дагы дүйнө жүзундөгү маалымат каражаттарынын баары кыргыздын улуттук оюндары тууралуу сөз кылышты. Ачылыш, жабылышын көрсөттү. Илгери кыргызды дүйнөгө Айтматов таанытса, азыр Көчмөндөр оюну таанытты.

Ошондой эле аталган оюндун шарапаты менен кыргыздардын унутулуп бараткан салттары жанданды. Элибиздин улуу салттары, улуттук оюн-зооктору кайтып келди.

– Айтканыңызга ынаналы, аталган оюн түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктирип, жакшы ишке өбөлгө болду десек болобу?

– Албетте, болот. Айтайын, дегеним, Көчмөндөр оюнунун арты менен түрк тилдүү мамлекеттердин саммити болду. Алты мамлекет катышкан саммитте кандай маселе көтөрүлөт, ким эмнени айтаарына чейин дүйнө жүзү көз салып турду. Кыскасы көчмөндөр оюну жакшы жөрөлгө болду. Сооронбай Шарипович да келген мамлекеттердин баарына сөз берди. Тилектештигин билдирди.

– Эмне үчүн Көчмөндөр оюнуна Атамбаев уюштурганда мынчалык көп президент келген эмес?

– Биринчи уюшулганда шашылыш болуп, көп катачылыктар болгон. Шашылыш уюшулганы үчүн мамлекет башчылары келбей калган. Аны туура эле түшүнөм. Ага Атамбаев күнөөлүү эмес экенин билем. Экинчи оюнда Түркия, Казакстан менен мамилени бузуп албаганда азыркыдай эле келишмек. Атамбаев алар капа боло турган ачуу сөздөрдү айткан үчүн маани бербей коюшкан. Негизи президенттердин келиши мамлекет башчынын аларга кылган мамилесине жараша болот. Атамбаев дүйнөнү дүңгүрөткөн иш чара уюштуруп, көчмөн элдеринин башын бириктирүүгө аракет кылган.

– Турсунбек мырза, Атамбаевдин бүгүнкү бийликти сындаганы, ал келтирген маселелер ынанымдуу элеби?

– Алмаз Шаршенович азыркы бийликтин кадр саясатын сындап, куугунтук тууралуу сөз кылып жатат. Аргасыз жылмаясың. Тескерисинче саясый куугунтуктар Атамбаевдин мезгилинде күчөгөн эле го. Азыр Сооронбай Жээнбеков андагыдай бейкүнөө адамдарды камаган жок го. Камаса коррупционерлерди камап жатат.

Атамбаев азыркы бийликти сындаса сындасын бирок, жөнү менен сындаса болот эле. Тилекке каршы ал ашыкча кетип, президенттиктен кеткенден кийин майдаланып, бийликке оппонент боло баштады. Өзү шайлаган, өзү элге сунуштаган президенттин жолун тосуп, акылга сыйбаган иштер менен алек болуп калды.

Негизи Атамбаев сындап, азыркы бийликке каршы сүйлөбөй эле эл атасы болуп, араздашкандарды ынтымакка чакыра турган мүмкүнчүлүгү бар болчу. Оппозиция менен позицияны ынтымакка чакыра турган даражасы бар эле. Жок эле дегенде Отунбаевадай иштер менен алек болсо, азыр президенттин жанында жүрмөк. Атамбаев азыркы президент менен жакшы мамиледе болгондо Отунбаеванын катарында эле отурмак. Азыркы бийликке доомат коюп, сындагандан көрө Отунбаевадай болуп, экс-президенттердин кадырын көтөрө турган, коомчулукта урмат-сыйга ээ боло турган жакшы долбоорлор менен иштесе болмок. Отунбаеванын акчасы жок болсо да, таап, мамлекеттик деңгээлдеги мыкты долбоорлорду ишке ашырып, алкоого татый турган иштер менен алек болуп жатат. Атамбаевде чоң акча бар. Ошону Отунбаевадай болуп, пайдалуу жакка жумшап, жакшы иш менен алек болсо анын зыяны тиймек эмес, пайдасын гана көрмөк. Сөз эркиндигин коргоо боюнча, адам укугу боюнча жакшы иштерди жасап, чоң долбоорлорду ишке ашырса болмок.

– Кожобек Рыспаевди КСДП партиясы катарынан чыгарды. Ал партиядан чыкканда эмне өзгөрдү? Атамбаевдин бийлиги бекемдедиби?

– Алмаз Шаршенович Кожобек Рыпаевди партиядан чыгарганын чыны менен түшүнө албай турам. Аны партиядан чыгаруунун кандай зарылчылыгы болгонун деле билбейм. Эми Иса Өмүркулов жетектеген фракция кандай чечим алары да белгисиз. Бирок, мен Кожобекти ар ким ар нерсе деп жамандап жаткандай ойлобойм. Кожобек патриот, бетке айткан жигиттерден. Ал “Ар-Намыстын” квотасы менен парламентке барганы менен ал партияга кирген эмес. Ошон үчүн аны ыңгай келген жерге секирип, эптеп эле депутат болоюн деп көрүнгөн партияга мүчө боло калган адамдарга теңебешибиз керек. Ал кыргыз эли үчүн көкүрөгүн тосуп бере турган жигиттерибиздин бири. Анын аткара турган алдыда көп иштери бар. Ошон үчүн эби-сыны жок жамандап, каралагандан алыс болушубуз керек

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: