Menu

2018-жылдын 8 айында салыктык түшүүлөрдүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 17,3% же 9,8 млрд сомго өстү

Бөлүшүү:

Салыктык түшүүлөр 66,5 млрд сомду түздү, же план 100,4% аткарылган. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 17,3% же 9,8 млрд сомго өскөн. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

Салык кызматы боюнча түшүүлөр 39,4 млрд сомду түздү же план 100,4% аткарылган. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 10,4% же 3,7 млрд сомго өстү.

Бажы кызматы боюнча түшүүлөр 27,0 млрд сомду түздү же 100,4% аткарылган. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 29,1% же 6,1 млрд сомго көбөйгөн.

Салыктык эмес түшүүлөр 8,7 млрд сомду же планга карата 106,9% түзгөн. Маалыматка ылайык 2018-жылдын январь-августунда республикалык бюджети аткаруу боюнча, 2018-жылдын 8 айында бюджеттин кирешеси 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 млрд сомго көбөйдү.

Ресурстук бөлүгү

2018-жылдын январь-августунда республикалык бюджетке 90,8 млрд сом суммасында ресурс түшкөн же план 102,0%га аткарылган. 2017-жылдын ушул мезгилине караганда ресурстар 6,1 млрд сомго өскөн.

Республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 75,4 млрд сомду же пландан 101,3% түзгөн. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу киреше 2,1 млрд сомго көбөйгөн.

Чыгаша бөлүгү

Республикалык бюджеттин чыгашасынын жалпы көлөмү 2018-жылдын январь-августунда 90,0 млрд сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилине карганда республикалык бюджеттин чыгашасы 3,1% же 2,7 млрд сомго көбөйгөн.

Бюджеттик мекемелерден чыгаша беренелерин каржылоого түшкөн бардык билдирмелер толук көлөмдө канааттандырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: