Menu

Коргоо кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев: “”Сапаттын” мүлкү “Маарифке” өткөрүлүп берилбейт, ар бири өз алдынча иштешет”

Бөлүшүү:

Түрк тарап кыргыз тарапка 130 адамдын тизмесин берген эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 12-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдайт.

Дамир Сагынбаев белгилегендей, бул ойдон чыгарылган маалымат жана керектүү резонанс жаратыш үчүн өлкөгө атайын таратылып жатат.

«Дагы бир жолу белгилейм, 130 адамдын тизмеси жана кандай дагы тизме болбосун түрк тараптан кыргыз тарапка берилген эмес», — деп билдирди Коргоо кеңешинин катчысы.

Журналисттин «Сапат» билим берүү мекемеси тууралуу берген суроосуна жооп берип жатып, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бул мекеме өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иштээрин жана аны жабуу тууралуу маселе турбаганын белгиледи.

Ал «Сапат» билим берүү мекемесине тиешелүү имараттар «Маариф» фондуна өткөрүп берилбейт деп белгиледи.

«Сапат» билим берүү мекемелери жана «Маариф» фондунун билим берүү мекемелери өз алдынча иштешет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: