Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк врачтардын жана медайымдардын айлык акысы жогорулатылат

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк врачтардын/жалпы практикалык врачтардын, үй-бүлөлүк медайымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматерлеринин айлык акысы жогорулатылат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, Ош облусунун Чон-Алай районундагы Карамык жана Жекенди айылдарындагы эки оорукананын ачылыш салтанатында билдирди.

Салтанатты ачууда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чон-Алай районунун тургундарына карата Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо сөзүн окуду жана зилзала кесепетинен жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү маселесин Өкмөт башчы үзгүлтүксүз түрдө көзөмөлдөп жаткандыгын кошумчалады.

«Бир жыл мурда бул жерде болуп өткөн жер силкинүүдөн улам бир катар социалдык объектилер жана турак-жайлар жабыркаган. Биз жалпыбыз жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу менен алектенип, көмөк көрсөтүү иштерин пландаштыргандыгыбыз эсимде. Бул жөнөкөй эмес милдет болуп туюлганы менен, биз жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү боюнча масштабдуу иштерди аткардык. Элибиздин биримдигине, экономиканын туруктуулугуна жана жарандардын жалпы иш-аракетине жараша бүгүнкү күндө бардык объектилердин курулушу жыйынтыкталды», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр жабыркаган райондордун тургундарына чыдамкайлыгы жана мамлекетке көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди, ага жараша бардык социалдык объектилерди жана дээрлик бардык турак-жайларды калыбына келтирүүгө мүмкүн болду.

«Жаңы ооруканалар – бул тийиштүү жабдуулар жана дары-дармектер менен жабдылган заманбап медициналык мекемелер», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев жана жергиликтүү дарыгерлер сапаттуу алгачкы медициналык көмөк көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл буруусу тийиштигин кошумчалады.

Өкмөт башчы билдиргендей, бүгүнкү күнү республика боюнча 400дөн ашуун ар түрдүү объектилер курулууда.

«Бул объектилердин көбү жыл аягына чейин бүткөрүлөт, айрымдарын биз келерки жылы аяктайбыз. Мен, Премьер-министр катары 3 жылдын ичинде өлкө боюнча бардык объектилердин курулушун аяктоо милдетин коем. Бардык пландарыбызды ишке ашырабыз деп ишенем, анткени коомдо ынтымак жана биримдик бар, ал эми экономика туруктуу жана бардык тармактарда өсүү көрсөткүчтөрү бар», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки оорукананын дарыгерлеринин иш бөлмөлөрүн жана палаталарын көрүп чыгып, дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер менен маектешип, алар менен эмгек жана тиричилик шарттарын, ошондой эле алдыдагы эмгек акысын жогорулатуу маселесин талкуулашты.

Маалымдама: Ар бири 15 орунга эсептелген бул медициналык мекемелердин курулушу 2017-жылы башталган. Бул максаттарда каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Карамык айылындагы медициналык мекеменин курулушуна – 35 млн сом, ал эми Жекенди айылына 39 млн сомдун тегерегинде бөлүнгөн. Ооруканалар зарыл жабдуулар менен жабдылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: