Menu

Трамп АКШдагы шайлоого кийлигишкендерге санкция киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп 2016-жылдагы америкалык шайлоого кийлигишкен жеке адамдар менен компанияларга каршы санкция киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонго шилтеме кылып Reuters агенттиги жазды.

Санкциялар АКШнын чалгын кызматтары берген маалыматтардын негизинде өлкөнүн Каржы министрлиги менен Мамлекеттик департаменти тарабынан киргизилет. Санкциялык тизмеге кирген юридикалык жана жеке тараптардын америкалык активдери тоңдурулат. Мындан тышкары алардын Кошмо Штаттардын каржы мекемелерине жетүү мүмкүндүктөрү чектелип, америкалык жарандардын тизмедеги компанияларга инвестиция кылуусуна тыюу салынат.

Буга чейин Трамп шайлоого кийлигишүүлөр тууралуу чектөөлөрдүн өз вариантын даярдап жаткан америкалык мыйзам чыгаруучулардан озуп, санкциялар тууралуу жарлыкка кол кое турганы кабарланган. Айрым ЖМКлар Ак үй мындай жол менен Трампты америкалык шайлоо системасын коргоого тийиштүү көңүл бурбай жатат деп сындагандарга жооп бере турганын жазышкан.

Вашингтон АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого жана алдыдагы Конгресске боло турган кыска мөөнөттүү шайлоолорго кийлигишүүгө аракеттенип жатат деп Орусияны айыптап келет. Москва бардык айыптоолорду четке кагууда.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: