Menu

Каныбек Туманбаев мырза тууралуу он адамдын ичинен тогузу жылуу пикирин айтат

Бөлүшүү:

Маалымат айдыңы күндөн-күнгө кенен тартып баратканы жакшыбы, же начарбы аны коомчулук өзү таразалап алсын. Айрым “сары ооз” сайттар деле бир нерсени чойгулап, эптеп жашагысы келет. Анткени баарынын ашказаны бар, демек аны тойгузуу маселеси кондо турат. Ошондуктан кээде “каармандарды” жакшы иликтебей туруп, соктура берген адаттары кармап кетет. Минтип айтканыбыз жөн жерден эмес. Ак эмгеги менен оокатын кылып, өзүнөн ашканын жакырларга таратып, кайрымдуулук иштери менен алектенген адамды жаманатты кылгысы келгендерди көргөндө калыстык иретинде сөз айтып коюуга жанданат экенсиң.

Касиеттүү өлкөбүздө элине күйгөн мекенчил жигиттер жок эмес бар. Ошого каниет кылуу алдыбыздагы парзыбыз. Маселен, Каныбек Туманбаев мырза тууралуу он адамдын ичинен тогузу жылуу пикирин айтат десек жаңылыштык кетирбейбиз. Анткени кырчындай жаштыгын Россияда өткөрүп, ишке көзү каныгып, тажрыйба топтоп, адал менен арамды ылгап алууга жетишкенде мекенине кайтты. Билимин өркүндөтүп, жогорку окуу жайларынан кесиптик дипломдорду алууга жетишти. Мыкты коомдук ишмерлердин, адилеттүү адамдардын кеңешине мээсин сугарып, дилин тазалоонун жемиши эми сампарлап төгүлүп берүүдө. Өзүнүн туулган Аксы жергесине башкы көңүлдү буруп, элдин жашоо шартын оңдоого-көпүрө салууга, жолду курууга, таза суу чыгарууга санаалаштары менен биргелешип аракеттенгендиги жакшы натыйжаларга жетеледи. Албетте, улам жешилген, эскирген, адам кыймылына муктаж болгон көйгөйлүү маселелерди чечүү оңойго турбайт. Жаштарга камкордук көрүүгө-спорттук залдарды салууга, машыктырууга, мыкты спортчуларды тарбиялоого да убактысын чегерет. Учурда багар-көрөрү жок 37 кызды өз баласындай карап, үзүлүп түшкөн мамилеси кайдыгерлик жаратпайт. Сөздү чое берсек улам узара берет.

Ушундай каарманыбыздын чыныгы атуулдук аракетине көз караштары кыйшак болгондор да жок эмес. —“Эч кандай кызыкчылык болбосо минтип аракетин көрсөтмөк эмес. Каныбек депутат болгусу келген үчүн тызылдап чуркап жүрбөйбү” –деген ичи арамдар деле ар кандай имиштерди таратууда. Бекеринен “Жакшыга сөз, жаманга чөп илешет”–делбейт турбайбы? Мунун ачыгын билиш үчүн кайрылганыбызда эч кандай депутаттык мандат аны кызыктырбасын, элине ак кызматын ансыз деле көрсөтө берерин кебинен байкадык. Акыйкатында байлыкка, мансапка жулунбаган, маңдай тери аркылуу турмушун түздөп алган, мамлекеттик кызматты эңсебеген, жөнөкөй адамгерчилиги менен бутуна турган ишкердин ийгиликтерине чын ыкласыбыздан кубандык. Өлкөнү ушундай эр азаматтар кармап турарына дилибизден ынандык.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: