Menu

Жоомарт Оторбаев англисче безеленип ырдачу

Бөлүшүү:

Акыркы жылдардагы өкмөт башчылардын артыкчылыктарын жаза берүүдөн жадаган жокпуз. Анткени кайсыл киши келип иштесе да анын пикирлештери, көралбастары болору табигый көрүнүш. Убагында Жантөрө Сатыбалдиевди деле мыкты жетекчи катары санашкандар бар эле. Тилекке каршы азыр ал киши камакта жатат. Темир Сариевди дагын кадырлагандар арбын. Сапар Исаковду болсо жаш кадр катары көтөрмөлөп келгенбиз. А бирок, азырынча анын жолунда “темир зым” кадалган кези.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылышында англисче сүйлөп койгон Премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиевди тимеле жылдыз кылгысы келгендер да табылды. Убагында баш бакан болгон Жоомарт Оторбаев керек болсо англис тилинде безеленип ырдаганын эмгиче шыпшынып кеп кылгандар жүрөт арабызда. Эмнеси болсо да элдин үнүн уккан, зарылчылык мезгилде суроо-талапты чече билген өкмөт башчыга зар болуп турганыбызды деле кыстара кетели. Англис тили биздин курсагыбызды тойгузмак беле? Айтылды, анан учуп кетти да…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: