Menu

Арабаев университетинин ардактуу профессору Токтобай Мүлкүбатовду эскерип…

Бөлүшүү:

Дегеле кыргыз элинин макал-лакаптарын талдап карап көрсөң, жөнөкөй эле айтылган сөздүн терең айтылган маанисине түшүнгөндөн кийин айраң-таң болбой коё албайсың. Себеби бир эле ойду казыкка байланган ат сымал улам-улам тегеренип башынан түшө бербей, «заңк» эттире айта салсаң бутасына тиет эмеспи. Ошондо, сөз ээсин эле эмес мээсин кошо табып, чакчалекей будуң-чаң түшүрүп кетмейи күтүп турган иш. Мына ошол макалдардын бири «Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» деп көпчүлүгүбүз күнүмдүк турмушта байма-бай колдонуп келгенибиз менен көп учурда маанисин аңдай бербейт окшойбуз.

Анткени ошол «көрөм, жолугушам» деп дегдеп жүргөн адамыңдын, же эл алдында мантайып туруп алып жогорку макалды «балп» эттиребиз. Бул жерде «оо-уу шумдук деп жүрсөм, бул деле бир киши турбайбы» деген таңдайын тарсылдата, эрдин бүлкүлдөтө, көзүн үлүрөйтө турган жашыруун ой турганын байкабай жатпайбызбы. Ушул эле макалды кыргыз элинин белгилүү жазуучусу, чечени Касымаалы Жантөшов «Баатырдын атын алыстан ук, үйүнө барба» деген кыска жана нуска макал менен жазып калтырган экен. Мындан мыкты айтуу мүмкүн эмес. Демек, кемчиликсиз, телегейи тегиз, төрт тарабы шай келген пенде болбойт. Ошондуктан көкүрөктөгү жылуу сезимдерди тепселетип койбош үчүн жолугууга ашыгуунун өзү ашык кылат тура.

Жогорудагы макалдын өзү, мааниси тууралуу ыраматылык Токтобай аке жолуккан сайын көп айтаар эле. Көрсө, бир нече саясий партияларды, коомдорду уюштурууга активдүү катышып, көптөгөн белгилүү адамдар менен бирге жүрүп, алардын күңгөй-тескейин, оң-солун, ак-карасын көрүп, бирде күйүп, кай бирде күлүп, кээ бирин ичтен өткөрсө, кай бирин көкүрөгүндө зилдеп кеткенче көтөрүп жүрө берген экен. Чындыгында эле Токтобай акеде жаратмандык касиет күчтүү экендигин замандаштары, чогуу иштешкен жоро-жолдоштору, кесиптештери көп белгилешет. Тарыхчы, жазуучу катары бир нече партияларды уюштуруунун идеологу, демилгечиси болуп, алардын башында болуп келгендигин эч ким тана албаса керек. Себеби мындай жоопкерчиликтүү иштерди түзүп коюуга илим-билимден сырткары эрк, дымактуу жүрөк  керек эмеспи.

Эми «укканыңды эмес, көргөнүңдү айт» деп ата-бабаларыбыз мурас калтырып кеткениндей Токтобай акем менен 2012-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Манас таануу институту түзүлгөндөн баштап тыгыз иштешип калдык. Анткени жогорудагы аты улук институтту университеттин ректору, профессор Т. Абдырахманов, проректору, профессор Т.Коңурбаев менен бирдикте Топчубек Тургуналиев, Токтобай Мүлкүбатов, Байас Турал агайлар түптөп,  студенттерди кабыл алып, аны менен кошо илимий-изилдөө борборун ачып ишке киргизишип, белгилүү манас изилдөөчүлөрдү, окумуштууларды ишке тартышты. Жаңы ачылган институт катары окуу пландарын түзүү, окуу колдонмолорун, окуу куралдарын чыгаруу түмөн-түрдүү түйшүктөрдү жаратпай койгон жок. Мына ушундай кырдаалда жакшысын айтып, башкасын айтып жашынып жатып албай, өзүнүн башка чыгармачылык иштерин токтотуп коюп, окуу куралдарын жазууга шымаланып киришип, бир нечесин жарыкка чыгарышты. Андан сырткары жаш муундарга, студенттерге сабак өтүп, сабактан тышкары өзү жазган ырларын, кээ бир тамашалуу аңгемелерин айтып, тамашалап күлдүрүп, азил-шакабаларын, туздуу, мурчтуу сөздөрүн жай, созуп айтып, бала менен баладай болуп «каалгып» туруп калаар эле. Чын эле каалгыгыдай бар болчу. Эңгезердей бою, шадылуу колу, күлүмсүрөп жайдары, шайыр жүрүшү, акырын чымчып сүйлөп, багжая күлүшү анын акылынын тунук, тажрыйбасынын молдугунан чоң кабар берип турчу.

И.Арабаев атындагы КМУнун Ардактуу профессору катары дагы университеттин окуу, окуу-методикалык жана коомдук иштерине активдүү катышып, илим-билим менен шугулданып иштеп жүргөн жаштарга өзүнүн насаат-санаттарын көп айтып, өзүнүн изденүүлөрү менен тең бөлүшүп калар эле. Токтобай акенин дагы бир жакшы касиети укканды билчү. Далилдүү нерселерди айтсаң муюп угуп: «Акташ, мунуң туурадай окшойт» деп менин ийинимен ашыра карап, бир саамга ойлоно калчу. Өзгөчө, Токтобой аке менен «даанышмандык, кеменгерлик, көсөмдүк, акылмандык» боюнча көп талаш-тартыш жүргүзгөнүбүздө көптөгөн баалуу ойлорду айтып келип: «кыргызча сүйлөйм деп жүргөндөр орусчадан түзмө түз которуп сүйлөп, келегей сөздөрдү көбөйтүштү. Карасаң, орустун «честно говоря» дегенин «чындыгын айтканда» деп, «горькая правда» дегенин «ачуу чындык», «я думаю» дегенин «мен ойлойм» деп которуп алып эле сөздү бузуп сүйлөшөт. Андай эмес мындай…», – деп түтөнүп-түгөнүп кетээр эле.

Аттигиниң, эми болсо асылдын баскан изи, жазган чыгармалары, айткан сөздөрү, жасаган иштери калып өзү жок. Кайсыл бир кездерде бул турмуштан көчүп кеткен кайрандарды, залкарларды, теңтуштарын өзү эскерип, кыял-жоруктарын айтып жоктоп калса, эми Токтобай акенин өзүн эстеген, эскерген бирин-экин эле адам болбосо башкаларыбыз калем алып эскерүү жазгандан дагы эринип олтурабыз. Сөз ээлерин тапса, бул эми башка маселе…

Токтобай аке арбагыңыз бийик болуп, кыргыз элине ыраазы болсун! Эл, эл арасында Сизди, Сиздин чыгармачылыгыңызды урматтаган, сыйлагандар эч качан эсинен чыгарышпайт…

      Октябрь Капалбаев

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: