Menu

Алманбет Шыкмаматов, депутат: “КСДП Атамбаевсиз” деген ураан ишке ашат

Бөлүшүү:

– Алманбет мырза, Кожобек Рыспаевдин КСДПдан чыгарылышы саясый кризистен кабар бербейби? Эми ал фракциядан дагы чыгарылабы?

– Негизи КСДП фракциясы Рыспаевди катарынан чыгара албайт. Чыгара турган азырынча негиз жок. Бирок, фракция менен партиянын ортосундагы карама-каршылыктар КСДПнын ичиндеги саясий кризисти айгинелеп койду.

– КСДП мындан ары толук кандуу Атамбаевдин колуна өтөбү же андан тартып алуу аракеттери күч алабы?

– КСДПнын ичиндеги кризис көпкө созулат. Чубактын кунудай болуп сот иштери менен уланат. Анткени, эки тарап тең бири-биринин чечимдерин легитимдүү эмес деп соттошконго чейин барат деп ойлойм. Атамбаевди партиядан чыгаруу майнап алып келбейт. Анткени ал “партияны рейдерлик жол менен тартып алышты” – деп мамлекеттик ресурсту күнөөлөйт, соттошот. Ошентип чыр бүтпөйт.

– “КСДП Атамбаевсиз”деген ураан менен дегендер чыга баштады. Бул нерсе ишке ашчу ишпи?

– Албетте, ишке ашат. Бирок, Атамбаев жөн эле алдырып ийип отуруп калбайт. Соттошот, партияны күч менен рейдерлик кылып тартып алышты деп айгай салат.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: