Menu

Түркмөнстанда окуучуларды мажбурлап пахта теримге жөнөтүшүүдө

Бөлүшүү:

Туркмөнстандын түндүгүндөгү аймактарда балдарды пахта тердирүү үчүн мажбурлап талааларга алып кетишүүдө.

Дашөгүз облусунда жети жана андан жогорку класстын окуучуларын түштөн кийин пахта терүүгө чыгарышууда. Аларга түштөнүүгө да мүмкүнчүлүк берилбей жатканы айтылууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, акыркы жылдары балдарды мынчалык жапырт түрдө пахта теримге тартуу өнөктүгү байкалган эмес.

Маалыматтарга караганда, айыл чарба иштерине чыгып жүрүшкөн бюджеттик мекемелердин кызматкерлери ушул тапта “Амуль-Хазар 2018” автораллисине катышууда. Мындан тышкары 16-сентябрда “Ак караван” иш-чарасы өтүп, пахта жүктөлгөн унаалар жүрүш жасайт. Андыктан жергиликтүү бийлик окуучулардын жардамы менен түшүм майрамына даярдык көрүүгө аргасыз болууда.

Бул арада быйыл фермерлердин көбү акы аз төлөнгөндүктөн пахта терүүдөн баш тарткан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстанды мажбурлап пахта тердирүү тажрыйбасынан баш тартууга жыл сайын үндөп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: